Баарыбыз эле аарылардын уяларын көрүп жүрөбүз. Бирок маани деле бербейбиз. Бул кичинекей, чеберчилик менен жасалган үйлөрдөн, эч кандай сырды деле, акыйкатты деле көрө албайбыз. А чынында ушул уялардын артында тоодой болгон акыйкаттар, сырлар жашырылып жатканын билбей жатабыз. Бул видеону көргөн соң аарылардын уясына башка назар менен карап каласыз. Ооба. Аарылар бизге өтө чоң бир акыйкатты айтып атканын уга аласыз бул видеодон кийин буюрса. Даярсызбы? Сонун! Анда кеттик.
Бал аарылардын уясы бирдей болгон алты бурчтук шекилдеги уячалардан турат. Ар бир уячанын ооз жагы өйдө болуп ичкери кирген сайын ылдыйлай берет. Т.а. уячанын төр жагы 13 градуска эңкейип турат. Эгер мындай болбостон түз болгондо ичиндеги бал сыртка төгүлүп калмак. Демек бул жерде өтө кылдаттык менен иштелген чеберчилик бар.
Ал эми алты бурчтуу уячалардын ар бир бурчу 120 градустан болот. Аарылар эмне үчүн уячаларын алты бурчтуу кылып курушту. Эмне үчүн 4 же үч бурчтуу кылып же болбосо айлана шекилинде кылган жок. Бул суроого жооп издеп илимпоздор аябай көп эмгектеништи. Көрсө бал көп бата турган ошол эле кезде аз чыгым кете турган эң ыңгайлуу шекил ушул алты бурчтуу шекил экен. Эгер айлана же беш бурчтуу шекилде курганда ортолорунда бош жайлар калып калмак. А эгер төрт бурчтуу же үч бурчтуу шекилде курса көп материал кетмек. Демек эң ыңгайлуу шекил алты бурчтуу шекил. Мынакей! Чыгым аз талап кылган бирок ошол эле кезде көп бал баткан шекилди ушул акылы жок жаныбар кантип билип алды?
Бал аарылар үйүн кантип курат экен деп ойлонуп көрдүңүз беле. Бул жерде да өтө таң калычтуу бир керемет жатат. Аарылар жамаат болуп, ашар ыкмасы менен үйүн курушат. Бул ашар көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын ичинде ишке ашат. Алар топ -топ болуп ар кайсы жерден кура башташат. Курулуп бүткөн кезде ар бир 120 градустан болгон алты бурчтуу уячалар бири-бири менен дал келип калат. Микрончолук да айырма, кемтик болбойт. Бул геометриялык тактыкты акылы жок аарылар аппаратсыз, өлчөгүчсүз кантип адашпай кура алды? 21-кылымдын илим-техникалары менен араң изилденип чыгылган, акылдуу болгон илимпоздор араң чечмелей алган системаны акылы жок аарылар кантип эле өздөрү жасап алды? Бул сурообузга Кереметтүү Курандын Нахл сүрөсүнүн 68-аяты жооп берет:
“Эгең бал аарыга: “Тоолорго, жыгачтарга жана адамдардын курулуштарына уя сал!”-деп буюруп, жана ошого жараша жөндөм берди”. (Нахл-68)
Мынакей! Азыркы күндөгү илим техника айласыздан “инстинкт”-деп ат берген бир системаны Куран жөнөкөй эле тил менен “илхам берди” т.а. “жөндөм катары берди”-деп айтууда. Демек Аллах бал аарыларга ошол чеберчилик менен куруу жөндөмүн кудум биз компьютерге программа орноткондой эле орнотуп коюптур. Бул аяттан кийинки аяттын аягында: “Чындыгында, мында ой жүгүрткөн коом үчүн ибарат-өрнөктөр бар”-деп айтылууда. Бул жерде биз Аллахтын канчалык чеберчилигин, улуулугун, даанышмандыгын көрө алабыз. Куран болсо Аллахтын сөзү экендигине эч шек жок!
Айлана чөйрөбүзгө акыл калчап, ой жүгүртүп карай турган болсок дагы миллиондогон, балким миллиардданган кереметтер Аллахты далилдеп, тасытктап, көрсөтүп турат. Алар ошол кооз болуп жаратылуусу менен: “Мени карачы! Кандай кооз жараткан мени Аллах”-деп бизге кыйкырып атат. Ааламда канча даана жаныбар, бак-дарак, чөп көзгө көрүнгөн, көрүнбөгөн жаратык болсо анын баары Аллахты көрсөтүп турат. Биз кайдагы майда-чүйдө, пайдасыз нерселер менен алек болбой башты көтөрүп карашыбыз керек. Карай турган болсок албетте көрөбүз. Таң калып эсибиз ооп жатып калышыбыз мүмкүн атүгүл! Куранда бекеринен “Акыл калчап көрбөйсүңөрбү, ойлонуп көрбөйсүңөрбү, пикир жүгүртүп көрбөйсүңөрбү”-деп кайра-кайра айткан эмес.
Эми бал аарысынын керметтүү уячасын көргөн кезде башкача көз караш менен карап калабыз иншаллах!
6 сен 2019