Чачына тийишип жазып жаткандар өзүлөрү таз го, анан ичтери күйүп жатса керек! Кудай баарына эле бере бербейт ушундай чачты!!! Чачың эң жакшынакай, үнүң керемет! Ичи күйгөндөр туз жаласын!!! Өркүнүң өссүн садага болоюн!!!
Сен менден кеткиң келди, кеткин эми, Таңга окшош таалайыңа жеткин эми. Өзүңдү элестетип турар мага, Өксөсү басылбаган жаздын жели. Каректен кайгы жашым токтобой эч, Кусага тебеленет курган жүрөк. Мен үчүн татып келет бир кылымга, Өзүңсүз өтүп жаткан ар бир мүнөт. Кайырма: Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай, Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай. Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай, Эч качан бүтпөгөндөй күн сапары, Менин да сагынычым бүтпөйт эми. Курманы болсом мейли махабаттын, Сагынып жүрүп гана жалгыз сени. Кайыр кош, бакыраң көз бактым менин, Эңсетер эми мени сенин демиң. Жашатар шыңгыр күлкүң, кардай жүзүң, Жалбырактай жупжумшак эриндериң. Кайырма: Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай, Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай. Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай, Мен сени сагынармын, сен мени сагынарсың.
Азаматсын Аман ,балам баракелде унун сонун керемет экен ,,озун красавчик Аман талантын мындан дагы арта берсин Кыргыз Элине таанылган атактуу ырчы бол ак жол сага ,мен Сенин апандын классташы болом балам Боробаев Бактыкул
Ошо чачы менен өзгөчөлөнүп турат да, кыргыздар ушундай да кичине эле өзгөчөлөнүп калса, баса калып кайра баарына окшоштургусу келет инкубатордогу жөжөлөрдөй кылып