Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң, Кадала түштү оттой карегим. Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби, Багып алгын деп сүйүү данегин. Сезим жанарым, селдей агарым, Сезим көлүнө чөгүп барамын. Сагынган кезде санап кадамың, Санаага түшсөң кайдан табамын? Кабарың мага айтчы, карагым, Кусалык кысса кайдан табамын? Кучагым жазып тосуп аларым. Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө, Тунук сырларым толуп ичимде. Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп, Көчө кеземин элдин ичинде. Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң, Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң? Сени табам деп дүйнө кезгемин, Аппак таңдардан калбай көздөдүм. Сагынчымды кел таркат тез менин, Кажети да жок анда өзгөнүн, Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин. Оюмдан чыкпайт ошол саламың, Оозун тырмадың бүткөн жаранын. Жарк эткен нурдан жалтана түштүң, Жалынга толо сезим жанарым. Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң, Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң? Сени табам деп дүйнө кезгемин, Аппак таңдардан калбай көздөдүм. Сагынчымды кел таркат тез менин, Кажети да жок сенден өзгөнүн, Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Кутман ақын, жырларың өте әдемі. Жүрекке жетеді. Айтыстарыңды жібермей көріп отыруға тырысамын. Жасай беріңдер. Астанадан сәлем🤝👍 қазақ пен қырғыз достығы мәңгілік болсын
Мекенден алыста журом журок эс алат го ,Кыргыздын таланттуу уулдарынан добра менен ырдагандар аз санда гана ,Кутман чыгармаларды журоко жеткире ырдаптыр ,аман бол коз тийбесин.
Азаматсын Кутман балам…Жан дуйного жеткире ырдадын…Домбуранын уну да сонун…Келечегин алдыда алтыным, онорун оркундото бер. Элдин батасы тийсин. Мыкты бол жонокойлуктон жазба Кудайым берет. 🥰🥰🥰🥰🌷🌿🌷🌿🌷🌳🌳🌳
Кутман азаматсын атына жарашкан жансын унуно береке ата-энен сонун тарбия бериптир ушунундан жазба балам кудайым омур ырыскына береке берсин ар дайым аман бол бешенене сени сыйлагаг урматтаган аруу таза пакиза кыргыздын кызы туш болсун
Укмуш чыгарма экен,азамат иним ото сонун ырдапсын.Аллахым узаак омур берсин.Оштон ыссык салам!Кыргыз эли баары жакшы корот сени,келечектин Элмирбегисин буюрса Иншаллах.
Керемет чыгарма керемет аткаруу Майра Керим кызы эжебиздин жаткан жери жайлуу болсун Ак жол да кеткен эртелеп апасын издеп😓 Аллахым экоону бейиштен жолуктурган болсун.
Кутман иним Майра эжебиздин ырын толук журокко жеткире ырдагандардын бири озунсун аман бол коп жаша сен экообуздо Тянь Шань деген тушунук бар жаша иним Бар Бол
КУТМАН ! Өнөрүң өргө чаап ,Талантың ташкындай берсин ! Балам ! Мен сенин активдүү күйөрманыңмын .Ар дайым төкмөлөрүңдү ,обондуу ырларыңды тажабастан ,кайра -кайра эргүү м.н угамын .Мен жогоруда Кутмандын бир күйөрманынын Кутмандын энеси кандай болду экен деген коммен -не Сыймыктануу м.н жооп бергим келип жатат.
Кутмандай Акылдуу ,Тарбиялуу ,Жылдыздуу ,Таланттуу ,Төгөрөгү төп келишкен ,Жакшынакай уулду төрөп , тарбиялап өстүргөн Апасы менин окуучу Кызым болот.!Абышева Карачач 1964 -жылкы .Нарын рай -гы Оттук орто мектебинин 1981-жылкы бүтүрүүчүсү .Суран ,Шатман, Кутмандай болгон таланттуу балдарды төрөп , тарбиялап өстүргөн Ата -Энесине Таазим !Кутман Ар дайым бар бол !Бактылуу бол ! Кыргыз Элиңдин Сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, Аман бол !!!Биз сени м.н Сыймыктанабыз !!!
Ушундай таланттуу балдарды кыргыз кылып жараткан Аллахка чексиз шугур болсун, моокум кангыча угабызго чиркин. Ушуларды тороп чонойткон Ата энесине да чон рахмат, Талантын таптап, колдоо корсотуп турган.
Кутман талантына таазим сонун жеткире ырдайсын журокко бардык ырларды,бар бол юердешим силер мн сыймыктанабыз таланттуу Садыбакасовдор биз сени дайыма издем таап угабыз Москвадан!!!
Кыргыздын намысына жаралган акын бол Элмирбек олгондо аябай кайгырдык эле мындай талант кайра жаралабы деп ордун жоктотпойт экенсин кудайым куч кубат берсин омурун узун болсун