"Золотая Жизнь" газдалган анар суусундугу сатыктан алынууда. Мындай чечимди Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаменти чыгарды. Анткени анын курамындагы Е122 тамак-аш кошулмасы балдардын саламаттыгына зыян экени маркировкасында көрсөтүлгөн эмес жана бул суусундукту Кыргызстанга кайсы компания алып келгени да жазылган эмес болуп чыкты.
#анарсуусу #Золотаяжизнь #газ
3 июл 2024