Тёмный

АР КАНДАЙ ООРУДАН КУТУЛАМ ДЕСЕНИЗ БУЛ ВИДЕОНУ КОРУНУЗ 

Жармагул Жармагул
Подписаться 46 тыс.
Просмотров 2,8 тыс.
50% 1

Оорубаш үчүн кайсы азыктарды жеш керек?📌
🧄Сарымсак- бизге жаратылыш белек кылган табигый антибиотик. Ал иммунитетти бекемдеп, рак шишигинин пайда болуусун алдын алат. Ал эми сарымсакка мүнөздүү жытты фитонцид деген зат берет. Ооруларды козгоочу бактериялар менен дал ушул фитонциддер күрөшөт. Эгерде күнүгө 2-3 тиш сарымсак жеп турсаңыз, сасык тумоо сыяктуу жугуштуу оорулар сизге такыр жолобойт. А эгер сарымсакты колдонууда анын жыты жагымсыздык жаратат деп ойлоп жатсаңыз, анда сарымсак жегенден кийин артынан жылуу сүт же айран ичип коюу жетиштүү болот.🥛
🧅Күн суукта жарым баш пияз жеп туруу организм үчүн болуп көрбөгөндөй натыйжалуу. Себеби пияздын курамында көп өлчөмдө С витамини бар. Пияз канчалык ачуу болсо, анын пайдалуулугу ошончолук жогору болот. Колдон келсе пиязды чийки туурап, салат же тамак менен кошуп жеген пайдалуу. Күнүнө 1-2 тарелка пияз кошулган салат жесеңиз, иммунитет жөнүндө ойлонбой эле койсоңуз болот.✔️
🍋Эгер лимондуу чай ичип, иммунитетимди көтөрүп жатам десеңиз, анда жаңылышып жатасыз. Себеби лимонду ысык чайга салуу аркылуу андагы баардык пайдалуу заттар таасирсиз болуп калуусу мүмкүн. Ошол үчүн лимондун өзүн же жылуу чайга кошуп ичүү керек. Эң жакшысы, бир нече лимонду эт майдалагычтан өткөрүп, бал кошулган түрдө күнүнө 2-3 кашык жеп туруу зарыл. Баса, күнүмдүк норма боюнча 3-4 кесим лимон жетиштүү болот.💯
🍠Жаратылыш антибиотиктердин ичинен эң натыйжалуусу имбирь болуп саналат. Бул өсүмдүктүн курамында вирус менен күрөшүүчү 10дон ашык заттар бар. Имбирь денени ысытып, тердетүү аркылуу токсиндерди сыртка чыгарат. Имбирди көбүнчө бал, лимон кошулган түрдө чайга кошуп ичүүнү сунушташат. Ошондой эле кичинеден кесип, көк чайга кошуп ичүүгө да болот. Баса, ашказан оорусу менен жабыркагандарга имбирди ичүүдөн мурун адис менен кеңешүү сунушталат.👆
✨Бактерияларга каршы аракет этип, сезгенүү процессин жок кылган бал тууралуу айтпаса деле билсеңиз керек. Бирок балды аллергиясы жоктор гана колдонуусу шарт. Күнүмдүк норма боюнча чоң адамга 2 чоң кашык бал сунушталат. Эскертүү: балды 60 градустан ашкан сууга салганда, андагы баардык пайдалуу заттар жок болот.
🍀Ашкабакта темир жана сабизге караганда 5 эсе көп бета-каротин бар. Бул менен гана чектелбестен, анда биздин организмге жетиштүү болгон көптөгөн витаминдердин топтому жана микроэлементтер бар. Ошондуктан эки күндүн биринде ашкабак менен азыктангандар сасык тумоодон алыс болуп, келишимдүү келбетке дагы ээ болушат. 🙆‍♀️
🌶Күнүнө таттуу болгар калемпирин жеп туруу дагы иммунитетти көтөрүүдө болуп көрбөгөндөй пайдалуу. Ал иммунитетти гана көтөрбөстөн, чачтын түбүн бекемдеп, ашказандын ишин жөнгө салат. Таттуу болгар калемпирин баардык түрү пайдалуу, өзгөчө чийки түрүндө салатка кошуп колдонуу жакшы натыйжа берет.
Маалымат булагы Хело жаңылыктары

Опубликовано:

 

29 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 1   
Далее
Муздак суунун касиети
5:14
Просмотров 353 тыс.