ЭСИМДЕ Жайдын бир толук кезинде, Адырлуу тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн Жайдары селки эсимде. Агарып тоодон таң аткан, Суюлуп жылдыз бараткан. Калды го бекен эсиңде Кыйышпай күлө карашкан. Өзүмдү сага берем деп, Өмүрдүн гүлүн терем деп. Сүйлөшкөн күндөр эсимде Турмуштун сыры терең деп. Антыңды эстеп таңдагы, Көңүлүм сенден калбады. Азыркы шайыр жаштардын Өзүңдөй болсо алганы.