Жайдын толук кезинде, Адырлуу тоонун бетинде Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп, Өмүрдүн гүлүн терем деп. Сүйлөшкөн күндөр эсимде, Турмуштун сырын тереңдеп.
Агарып тоодо таң аткан, Суюлуп жылдыз бараткан, Калды го бекен эсиңде, Кыйышкан күлө карашкан.
Атыңды ойлоп андагы, Көңүлүм сенден калбады. Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы .
Жумабаев Асек (9. 5. 1924-ж. т., Нарын району, Байказак айылы- 2005) - ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1964).
1949-жылдан Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти.
Негизги ролдору: Күлчоро (Малдыбаев, Власов, Фере «Айчүрөк»), Шеге (Брусиловский, "Кыз жибек"), Калыбек (Власов, Фере, «Алтын кыз»), У-Чей-фу (Власов, Малдыбаев, Фере, "Ажал ордуна"), Тойтук (Аманбаев, "Бойдоктор"), Арзымат (Власов, Малдыбаев, Фере, "Токтогул"), Маркабай (Давлесов, "Аста-секин колукту") жана башка.
Элдик ырларды чебер аткарат. Калмурат, Сартбай, Атай, Муса сыяктуу обончулардын өнөрүн улантуучу. Ал кыргыз эл ырларын көптөгөн чет өлкөлөрдө ырдаган. Бүткүл дүйнөлүк студенттер менен жаштардын Варшавада өткөн 5-фестивалынын лауреаты (1955). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.Ал көптөгөн шакирттерди тарбиялаган
Роза Аманова, Гүлзат Батырканова, Кылычбек Бекишов, Мурадил Сагыналиев, Элмира Иманкулова, Доктурбай Эркинбаев ж.б.
23 авг 2024