Тёмный

Балам жок.Женижок..wmv 

Нарынбек Эрматов
Подписаться 998
Просмотров 156 тыс.
50% 1

Kyrgyzstan bishkek kyrgyz komuz

Видеоклипы

Опубликовано:

 

20 апр 2011

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 103   
@EmirlanAkimbaev
@EmirlanAkimbaev 2 года назад
Ак сайдан аккан дарыя, Арманым айтам жарыя. Көк сайдан аккан дарыя, Күйүтүм айтам жарыя. Аргымак оозун бурайын, Ай, айланып жыл келет, Айтпай бир кантип турайын. Күлүктүн оозун бурайын, Күн айланып жыл келет, Күйбөй бир кантип турайын. Күмүшүн ырдын терейин, Күйүтүм айтып берейин. Алтынын ырдын терейин, Арманым айтып берейин: Сарыны кийдим тогунан, Саргайдым бала жогунан Караны кийдим тогунан, Кайгырдым бала жогунан. Кымыздык терген кең колот, Кырына барып эл конот. Кымбатым, элим, келипсиң, Кыйытып айтсам, не болот?!.. Балдыркан чыккан чоң колот, Башына барып эл конот. Башымда турган арманды, Байкатып айтсам, не болот?!. Алтынды жезге өткөрбөйт, Айтпасам дартым бөксөрбөйт Күмүштү жезге өткөрбөйт, Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт. Алтындын жайы гүлбакта, Алган жарым Көксулуу, Айтып турам бул чакта., Арманга батпа бул тапта! Күмүштүн жайы гүлбакта, Кошулган, жарым, Көксулуу, Какшанып турам бул чакта, Эми күйүткө түшпө бул тапта!. Кошулган, жарым, Көксулуу, Килемди согуп түр кылдың, Кирген үйүң гүл кылдың. Кажары согуп түр кылдың, Кармаган үйүң гүл кылдың. Сандык жыйдың жүгүңө, Сарамжал кирди үйүңө. Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө. Чырмап чийиң каладың, Чырайлап үйүң кармадың. Оролтуп чийиң каладың, Окшотуп үйүң кармадың. Алдын сылап жүк жыйдың, Аркасын карап үй тиктиң. Керегесин кынадың, Керүүдөн туруп сынадың. Кайтар куштан үлгү алдың, Кайчылабай тон бычтың. Учаар куштан үлгү алдың, Үлгүлөбөй тон бычтың. Шакегиңдин жүлгүсү, Шаарга кетти үлгүсү. Оймогуңдун жүлгүсү, Ойротко кетти үлгүсү. Казы элечек, кара көз, Калкымдан чыккан бото көз. Торко элечек, торгой көз, Тобумдан чыккан бото көз. Оймогуңа гүл тактың, Он жубанга сын тактың. Шакегиңе гүл тактың, Сан жубанга сын тактың. Аксыдан чыккан сулуубум, Арманым айтып турумун: Тескейге каккан куу казык, Текенин эти жол азык. Теңтушумдан кем болдум, Теңирим менде не жазык?.. Күңгөйгө каккан куу казык, Кулжанын эти жол азык. Курдашымдан кем болдум, Кудайым, менде не жазык?.. Беш колумда муунум жок, Бел кыла турган уулум жок. Оң колумда муунум жок, О дүйнө көздөй жол тартсам, Ордумду басар уулум жок! Түндүктүү дүкөн үйүмө, Түркүк болор уулум жок. Капшыттуу дүкөн үйүмө, Карманып оокат кылаарга, Кадырлап баккан уулум жок!.. Эрте турсам шамал жок, Эсимде турат амал жок. Саар турсам шамал жок, Санаамда турат амал жок. Өзөндүү булак, Кара-Суу, Өрөөнүң толсо калаа жок. Өз журтумду ээлерге, Өзүмдөн бүткөн бала жок! Кайыңдуу булак, Кара-Суу, Каптаса толгон калаа жок. Кадимки журтум ээлерге, Кадырлап баккан бала жок. Аргымак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине? Өзүңдөн бала болбосо, Арман эмей, эмине? Тобурчак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине? Тутунаар балаң болбосо, Арман эмей, эмине?.. Кайрылышта мүрзөмдү, Кайрылып барып ким көрөт, Кайгырып жашын ким төгөт? Бурулушта мүрзөмдү, Бурулуп барып ким көрөт? Буркурап жашын ким төгөт?.. Эгерде уулум болгондо: Каттаганда кан жолум, Кармаганда оң колум. Сүйлөгөндө таңдайым, Сүйүнгөндө маңдайым! Ак шумкар кушун чуктамак, Ак чатыр кирип уктамак. Көк шумкар кушун чуктамак, Көк чатыр кирип уктамак. Жанына бычак бүлөмөк, Жайында кушу түлөмөк. Кынына бычак бүлөмөк, Кышында кушу түлөмөк. Аргымак минип ойнотмок, Адырга тайган жойлотмок. Ак дарыя бойломок, Ак шумкар салып ойномок. Көк дарыя бойломок, Көк шумкар салып ойномок!.. Көл жакалай куш салса, Көк ала моюн каз алмак. Сайды бойлоп куш салса, Сарала моюн каз алмак. Суксурга кушун ыргытмак, Сур жорго минип жылжытмак. Кекиликке кушун ыргытмак, Кер кашка минип жылжытмак. Аргымак минип жетектеп, Алтынды кумдай этектеп. Күлүктү коштоп, жетектеп, Күмүштү кумдай этектеп. Секиртип күлүк мингизип, Сүлөөсүн ичик кийгизип. Сымбатын журтка билгизип. Булкунтуп буудан мингизип, Букары тонун кийгизип. Аргымак берип дуулатып, Адырдан коён уулатып. Тобурчак берип жыргатып, Токойдон коён уулатып. Сар кашка атка мингизип, Саймалуу калпак кийгизип. Карагер атка мингизип, Кайырма калпак кийгизип. Чыгарбайт белем, жыйынга, Мен курган жыт кылбайт белем мурунга!... Сайратсам элдин кашында, Санаам жок эле башында.
@user-xh3mu1gu7y
@user-xh3mu1gu7y Год назад
Молодец
@user-lb7nd4xk9z
@user-lb7nd4xk9z Год назад
Бар бол БаламТалаңыңа Таазим.
@user-od1rx6wx5w
@user-od1rx6wx5w 2 года назад
Ак жол ушундай жаштар коп болсо экен мыкты таамай айттын.
@user-qj3lt4cn1u
@user-qj3lt4cn1u 5 лет назад
Отооо мыкты ырдаптыр Талатына тазим
@user-el6mf3hz2l
@user-el6mf3hz2l 6 лет назад
Эн сонун ырдаган Женижок агабыз олбоптур Талантына 10 👏👏👏
@user-nn3rj9ju7r
@user-nn3rj9ju7r Год назад
Арман,Азаматсын толук ырын билген
@user-cn1rw6vj1o
@user-cn1rw6vj1o 7 лет назад
Кандай гана кыргызымдын ырлары Аткарган аткаруучуга ийгилик
@user-dh1jo8fs4d
@user-dh1jo8fs4d 6 лет назад
Азамат жакшы ырдаптыр,Женижоктун арбагын ыраазы кылыптыр,
@user-kl2oq6on9h
@user-kl2oq6on9h 3 года назад
Талантын талкындай берсин азаматсын
@user-pc4ic8nj1p
@user-pc4ic8nj1p 11 месяцев назад
Рахмат балдарын бактылуу болсун
@user-hf4tg7qi4n
@user-hf4tg7qi4n 7 лет назад
Талантка таазим. Азаматсын армандуу Адам гана мыкты чыгарма жаратат. А таланттуу Адам элге жеткирет
@kanisultankulov9398
@kanisultankulov9398 9 лет назад
Женижок акын Кок сулуу деп бул дуйнодон баласыз отуп кетти.
@gulyanarsatkankulova1797
@gulyanarsatkankulova1797 6 лет назад
Ушундай онорлуулор барда кыргыз эч качан олбойт . Талантына баракелде!!!
@user-br5yo7uw2l
@user-br5yo7uw2l 6 лет назад
Азаматсыз Нарын аке унунузго бали.
@bekcishnyshanov130
@bekcishnyshanov130 8 лет назад
сонун ырдаптыр👍
@user-vn9kl7qq1x
@user-vn9kl7qq1x 5 лет назад
Азамат жакшы аткарыптыр👍👍👍
@seydekenjebaeva7636
@seydekenjebaeva7636 7 лет назад
Соонун ырдаптыр рахмат мааниси жакшы ийгилик
@user-pf1xu9fo4j
@user-pf1xu9fo4j 2 года назад
Чон рахмат балам.онорун өркүндөй берсин балам .ийладим ,👍🤲🤲🤲🤲
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 4 года назад
Кайран жеижок акын Арманда кети иманын жолдош болсун ырларынды кыргыс ели унутпайт
@fhxfcxfydtfd4717
@fhxfcxfydtfd4717 3 года назад
Азаматсын жакшы аткарыпсын.
@mukem8803
@mukem8803 8 лет назад
дизлайк баскандарга салам!!! эсен болгула. бул адамдын таланты бар экен кана кимибиз кыргыздын комузун колго алып куу черте алабыз. колубуздан келбесе жон гана колдоп койолу.каттуу тийсем кечиргиле.
@qudayberdiabdusattarov376
@qudayberdiabdusattarov376 6 лет назад
Женижок жана аткаруучу байке азаматсыз аткаруучу аке ийгилик узак жашаныз
@user-st7uk9ry7s
@user-st7uk9ry7s 4 года назад
Оа
@user-st7uk9ry7s
@user-st7uk9ry7s 4 года назад
Чын
@user-jf3ed6xg8q
@user-jf3ed6xg8q 8 лет назад
адамда кандай гана сана болбойт жараткан Алла колдосун ушдай Арман пендеде болбосун жараткан алла колдосун.
@user-ju9yb8qg6r
@user-ju9yb8qg6r 8 лет назад
Азаматыз Нарын аке. Унунузго береке! онорунуз оркундойберсин!!!
@user-lx7vk1og7g
@user-lx7vk1og7g 8 лет назад
байкуш баласы жоктор гана сезсе керек куйутун.
@buusaramahzitova455
@buusaramahzitova455 6 лет назад
Сенинда балан жок болосо .сенда билесин.ойлонуп суйло сенинда башына келип калбасын!!!
@user-iv2sg2xc9p
@user-iv2sg2xc9p 4 года назад
Мага окшогон кана жоон териси менен сезет😭 баласыз өмүр кандай өтүп жатканын. Өзүм да билбейм бул өмүрдө ким үчүн жашап жатканымды.
@user-hv9be4hc4o
@user-hv9be4hc4o 4 года назад
@@user-iv2sg2xc9p салам
@user-iv2sg2xc9p
@user-iv2sg2xc9p 4 года назад
@@user-hv9be4hc4o салам
@user-iv2sg2xc9p
@user-iv2sg2xc9p 4 года назад
@@user-hv9be4hc4oОоба менин да балам жок
@virtus297
@virtus297 7 лет назад
балам бар болсо да козумо жаш алдым...Жени жоктун куйуту кучтуу болуптур!!
@user-kb6cc1tg2t
@user-kb6cc1tg2t 7 лет назад
Талантын ташкындасын!!!
@nurdinshaimbetov6124
@nurdinshaimbetov6124 4 года назад
Баракелдэ , азаматсын бир тууган....биздин Ото жени жок токмо акыныбызды ушинтип эстеп журолук тарыхыбызда калсын
@user-iz5vz1sf3y
@user-iz5vz1sf3y 7 лет назад
эстен кетпейт эски ырлар
@user-gv3fw1fx8c
@user-gv3fw1fx8c 4 года назад
Женилбес Женижокко ким тен келе алат. Тендеши жок Женижок. Азыр мындай акындар жок. Баары жасалма.
@user-ot3hb4xf4y
@user-ot3hb4xf4y 10 лет назад
Жакшы ырдапдыр молотчик
@user-oo7wy3xk8i
@user-oo7wy3xk8i Год назад
Иляз ырдагандан кийин толук укканы киргендер класс басабыз...
@studio.konica1598
@studio.konica1598 4 года назад
Таланатынызга таазим .
@MrNaryn5
@MrNaryn5 8 лет назад
рахмат жалпыңыздарга!
@islamaman6089
@islamaman6089 5 лет назад
Барекелди бауырым шап
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 4 года назад
😥👍🙏❤
@user-qu2ln4kv9j
@user-qu2ln4kv9j 6 лет назад
сонун ырдаптыр соз жок зык
@user-sz7st8wu8c
@user-sz7st8wu8c 5 лет назад
Ден соолукта болуңуз,азаматсыз!!!
@user-uq9rw7gh9g
@user-uq9rw7gh9g 6 лет назад
Соз жок азаматсын!!!
@user-nw3mk7ri9b
@user-nw3mk7ri9b 2 года назад
Баткенденмин
@user-me3ri1mh4m
@user-me3ri1mh4m 7 лет назад
ушул ырды укканда кыргыздын кыргыз экенин бил
@omurbeksultanov8816
@omurbeksultanov8816 8 лет назад
жакшы ырдаптыр молодес бравооооо👍
@user-yf5vj6ho9x
@user-yf5vj6ho9x 7 лет назад
Аллах уул кыз берсин баарына !
@user-pt3ut1vg8r
@user-pt3ut1vg8r 3 года назад
Молодец 😥😥😥
@user-hp6om8eo3q
@user-hp6om8eo3q 7 лет назад
Сонун ырдаптыр талантын ташкындай берсин кандай дейсинер керемет ырдаптыр ээ?
@kuatkuatov4065
@kuatkuatov4065 6 лет назад
Евгений Российский
@vjk5716
@vjk5716 7 лет назад
абдан туура ырдаган
@user-kx5kd8vp3i
@user-kx5kd8vp3i 4 года назад
Онорун оркундой берсин иним 👍👍👍
@user-yl3hn3ue9j
@user-yl3hn3ue9j 7 лет назад
Ийгилик сага
@user-lc5pl5od4k
@user-lc5pl5od4k 8 лет назад
азаматсын жигит.....
@user-wn9ys9lk5s
@user-wn9ys9lk5s 6 лет назад
талантынызга таазим
@user-xy4dw6jq4p
@user-xy4dw6jq4p 6 лет назад
👍👍👍👏👏👏
@user-oq2rm8tx7x
@user-oq2rm8tx7x 7 лет назад
баласы жок инссндарга канча балан бар деген создун озу оорлук кылат аттин бир кем дуйно
@user-ic9yg1zv1v
@user-ic9yg1zv1v 2 года назад
Бири кем дуйноо 😢
@user-ti3io1gj8q
@user-ti3io1gj8q 7 лет назад
азаматсыз байке!
@RusBul-dp6si
@RusBul-dp6si Год назад
👍👍👍
@dilshodasurov876
@dilshodasurov876 7 лет назад
Чоон ракмат алга Кыргызтан
@uluktewebaev4123
@uluktewebaev4123 6 лет назад
рахмат зоор
@user-qo2sz8uo6y
@user-qo2sz8uo6y 6 лет назад
женижок, коксулууду абдан жакшы коргон, эгер биро жарым коксулууга тийишип койсо, ошол конок болгон жерден шарт туруп кетип калчу экен уйуно. атына коксулууду учкаштырып
@user-ws7yw2yd9p
@user-ws7yw2yd9p 7 лет назад
кудай! бала берип сынайт бербей сынайт, биздин колубуздан Эч нерсе келбейт, дуба кылгыла кудайдан сурагыла
@MrNaryn5
@MrNaryn5 5 лет назад
Керимкулов Максатбек Кудайга шүгүр беш балам бар)
@user-kl1lo1bl5l
@user-kl1lo1bl5l 7 лет назад
Жакшы ырдапсыз ийгилик.
@helohelloprivet3069
@helohelloprivet3069 6 лет назад
оооох ууух бир кем жашоо
@user-xp6zo3jq3v
@user-xp6zo3jq3v 8 лет назад
Мен бир жерден окуугамда Кок сулуу башка бир уй було кутот борок аны Женижок жети кун ырдап ал жерден чыгарып алат бироо ортого тушот анан Коксулуунун кайненеси шумдук тетири бата берет Женижокко кетип калганда мейли балам биздин башты чандын .уйун болбосун уйун болсода балан болбосун уйуно деги бир кун да конбо деген экен .ошо кайненеси кандай бата берсе ошондой болгон экен Женижокко учкашып эле бул дуйнодон откон экен Туугандар
@aziztemirkul5780
@aziztemirkul5780 7 лет назад
Мария, Женижок 7 кун ырдабай эле Сулайманкул болуштун уйундо жургондо болуш угуп калат Кок сулууну карасуулук бир байдын байлыгына салып алып алганын. Сулайманкул экоосун ажыраштырып байга башка аял алып берет да Женижокко Кок сулууну алып берет.
@syimyk3079
@syimyk3079 6 лет назад
Азамат !!
@user-sz4fb5cn5p
@user-sz4fb5cn5p 10 лет назад
Азаматсыз
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 4 года назад
Патисасаны когорну басам кетпейт емне болупатат
@user-fm2wt2lm3l
@user-fm2wt2lm3l 2 месяца назад
🎉🎉❤❤
@samsunggalaxu887
@samsunggalaxu887 4 года назад
Кок сулууну Женижок абабыз жолдошунан болуш аркылуу тартып алганда каргыш алып калат. Ошондон кийин балалуу болушпайт
@user-nw3mk7ri9b
@user-nw3mk7ri9b 2 года назад
Комузчумун уйроонуу керек
@user-sq7ks8td2o
@user-sq7ks8td2o 5 лет назад
Эң сонун
@azamazimov5599
@azamazimov5599 4 года назад
Респект......
@user-zs3qo8gs6c
@user-zs3qo8gs6c 6 лет назад
ассалому аоейкум ушул дастандын толук текстин жаза аласынарбы
@user-uq9rw7gh9g
@user-uq9rw7gh9g 6 лет назад
Чексиз таазим
@aikagalymovna5278
@aikagalymovna5278 5 лет назад
Жарайсыз 😤😤😤😤😤😤
@user-ws7yw2yd9p
@user-ws7yw2yd9p 7 лет назад
красавчик
@user-nw3mk7ri9b
@user-nw3mk7ri9b 2 года назад
Ок
@kanisultankulov9398
@kanisultankulov9398 9 лет назад
Унунуз жакшы экен. Жонижок акындын. Кок сулуу деген ырында, ырдап чыгарбайсызбы?
@user-ys2sy4pw8b
@user-ys2sy4pw8b 5 лет назад
Кудай колдосун
@user-xp6zo3jq3v
@user-xp6zo3jq3v 8 лет назад
Балалуу уй базар дейт баласыз уй мазар дейт кудай сактасын бата алып журолу дегеле каргыш эмес алкыш алып журолу туугандар мен бир тойдо тост уктум балдарды бул дарак дейт ата эне бул момосун коруш керек экен туугандар жакшылык болсун
@user-bt4cr1sn9o
@user-bt4cr1sn9o 10 лет назад
Бравоо
@user-pz1ce4qv1d
@user-pz1ce4qv1d 6 лет назад
😍😍😍👍👍👏👏👏
@mukantoktobekov616
@mukantoktobekov616 4 года назад
Кок сулууну да бир токсонуз байке?
@user-iv9hv2xw1z
@user-iv9hv2xw1z 5 лет назад
ото сонун соз жок
@kokaakzhol6224
@kokaakzhol6224 4 года назад
😢😢😢😢😢😭😭😭😭😭😭😭
@user-Daiana
@user-Daiana 6 лет назад
Ассаламу Алейкум! Рекаламаны кантип токтотсо болот?
@medjigit4473
@medjigit4473 6 лет назад
Акам кок сулууну да Бир таштабайсызбы олтурот экенсиз
@asiljenlwbekova229
@asiljenlwbekova229 7 лет назад
azamatsiz
@collworks
@collworks 12 лет назад
Salam Narynbek bayke, ayabay sonun atkariliptir bul 4igarma. Sizden surani4, Jenijoktun bawka irlarin da jazdira alasizbi ? Germaniyadan bir uguu4u...
@user-bb3uu4vn4q
@user-bb3uu4vn4q 7 лет назад
ака рахмат сиге соз жок ырдап журо бериниз алга
@user-ti3io1gj8q
@user-ti3io1gj8q 7 лет назад
мага ушул ырдын куусун кантип чертет пйтып коесуздарбы?
@MrNaryn5
@MrNaryn5 6 лет назад
akjol nurmatov Комуз чертсеңер карап туруп үйрөнсөңөр болот
@Siloveriya5
@Siloveriya5 8 лет назад
ип
Далее
Сколько метров чернил в ручке?
16:35
Келтириптирго чиркин
3:06
Просмотров 48 тыс.
Элмирбек Иманалиев - Көк Сулуу
10:26
Өмүрзак Кайыпов - Аккан суу
5:58
Максат Кулуев - Насят
5:59
Просмотров 36 тыс.
Stray Kids "Chk Chk Boom" SKZOO ver. M/V
0:42
Просмотров 609 тыс.
OG Buda - Сделай Мне Приятно Щас
2:24
Stray Kids <ATE> Mashup Video
2:17
Просмотров 3,4 млн