Кыргызстанда мүмкүнчүлүк жок, чоңдор жеп, ичип сызга олтургузуп кетти. Жаштардан эч нерсе чыкпай калды дегендер бир көрүп койгула. Жоктон бар кылып, ишкерлик кылып, балык өндүрүп, экспорттоп бизнести кылып жаткан жаштар да толтура! Алардын бири "Тянь-Шань форель" балык чарбасынын директору Ильгиз Шаменов аттуу жаш жигит. Ильгиз мырза балык багуунун сырлары менен бөлүштү. Балыктан баар таап, икрасынын килограммы 1000 долларга чейин чыккан балыктарды кантип өстүрүп жатканы, Россияга форелдерди тирүүлөр жеткирүүнү максат кылып жатканы тууралуу кеңири айтып берди. Баса, каалоочуларды окутуп, үйрөтүп чыгарат экен. Бизде суу кенен! Келгиле балык бизнесин баштап көрөлү!
Уктуруу “Кыргызстан Агрардык платформасы” тарабынан каржыланган.
Чарбачыл уктуруусуна катышам деген айыл чарба тармагына тийешеси бар адистер мага байланышсаңыздар да болот.
14 июн 2020