Бек борбиев. Бул киши обондордун булагы да.... Бек байке секреттин Айтынызчы мендагы обончумун бирок мындай кайрыктар келбейт.Азыр мындай ообон жок... Бул ырды жаны чыгып хит болуп турган убакта... Мен нанды нана,эмчекти мама деген убак болчу)) Сизди козунуз барынызда сыйлашыбыз керек. Сиз кучтуусуз мыктысыз. Ийгилик!
Көзүңдөн кагылайын айданегим, Сөздөрүң мага айткан кайда деги? Сезимден жасап алган кайыгыңды, Жылдыздар арасына айда дедиң. Көзүңдөн кагылайын жароокерим, Жүрөгүм, тун сүйүүмдү сага бердим. Алгачкы махабаттын асманында, Ак сүттөй аруулукту ала келдим. Кайырма: Ак кайык, ак кайык сүйүүбүз биздин, Ак сүйүү, ак кайык сүзө бер, сүзгүн. Ак кайык, ак кайык сүйүүбүз биздин, Ак сүйүү, ак кайык сүзө бер, сүзгүн, Ак кайыгы биздин сүйүүнүн. Көзүңдөн кагылайын айчырагым, Жолугуп, жүрөгүмдү кайчыладың. Өзгөрүп мына эртең жаңырам деп, Асманда толуп турган ай чыладым. Көзүңдөн кагылайын данакерим, Өзгөрбөй ушул бойдон кала бергин. Өзгөдөн өйдө сүйүп, өзгө сүйүп, Сүйөт деп мен да сени, сага келдим. Кайырма: Көзүңдөн кагылайын делбирегим, Ак сүйүүм жүрөгүмө келди менин. Дүйнөмдө эриш-аркак сени менен, Жараткан ырыскысын берди дедим. Көзүңдөн кагылайын зиретайым, Ак сүйүүң мага суудай керек дайым. Аралап ак кайыкта кылымдарды, Жаныңда мен боломун бирге дайым.