Саламатсызбы сизге терең ыраазычылык билдирем.Жогорудагы суроону бергенимдин себеби китебиңизди балам окуп келечекке болгон көз карашы өзгөрдү.Мактанаарлык китеп окубаса да өзүнө тиешелүү китептерди окуй баштады.Кээде апа бул китепти окуңуз эле өтө таасирдүү экен деп кээ бир китептерди мага сунуштай турган болду.Мени таң калтырганы 14 -беттеги суроолорго да калем менен сызып жооп бергени.Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт китепти да мага балам сунуштап сатып келди.Баласына таасир берген автордун китеби апасына да өтө пайдалуу болду.Ары түйшүктүү ары жооптуу кесибимде 45минуттук аманат убактыбызга тиешелүү көп кеп кеңештерди алдым .Ал үчүн Кыялбек жана сиздей агайларга дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем.Билгенин үйрөткөн аалым үйрөтпөгөн заалым деген жакшы сөз бар эмеспи билгениңиздерди билимге суу саап турган окурмандар менен бөлүшө бериңиздер!