Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган Тынарбек Амановдун "Фаридам" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#шайлообекдүйшеев
#асылбекөзүбеков
#фаридам
"Фаридам"
Коңшулаш айылдан кезиккем,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.
Агымын турмуштун кечелек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.
Фаридам, Фаридам, Фаридам, Фаридам,
Фаридам, Фаридам, Фаридам, Фаридам,
Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче,
Азапка бактысын байлаган.
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү эстетип,
Жолуктуң неге сен кайрадан?
Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.
24 авг 2022