75 жылдан бери Израиль зулум биримдиги боордош палестиналык бир туугандарыбыздын тынчын алып, жыл сайын өз жашаган аймактарынан чыгарып жатат. Маалымат булактарында "мусулмандар үчүн ыйык Акса мечитине чабуул кылышты" деген кабарларды байма-бай угуп келебиз.
Мындай учурда аң-сезимдүү мусулмандарда “Бул зулумдуктарга каршы эмне кыла алабыз? Учурдагы абалым менен, жагдайым менен эмне кылсам болот?”-деген суроо пайда болот. Жөн эле бакырып, кыйкырып, каргап, шилеп, тилденип жана сөгүнүп жардам бере алабызбы? Же бул ыкмалар көпчүлүк учурда динсиздердин эде пайдасына иштеп, алардын мусулмандарды жапайы көрсөтүү аракетине курал болуп жатабы? Чындыгында сиздин колуңуздан мындан да олуттуу иш келет. Учурдагы эң таасирдүү куралыбызды колдонгонду билбей жатабыз. Бул чыгарылышта дал ошол курал жөнүндө кеп кылабыз.
15 апр 2023