Арадан 7 жыл деле азыркы Кыргызстандын абалы ошол бойдон... Кечээ Шайлоо-2020 болду, а бүгүн Ала-Тоо аянтында митинг болууда.. Мигранттардын саны күн санап өсүүдө, а мамлекеттин экономикасы өспөй койду.. Кыргыз калкы кейип-кепчип эле жашап келе жатабыз, а аткаминерлер убадаларын берип эле келе жатышат. Өнүгөлү деген ой эмес, карызды берип бүтөлү деген да ой жок, тескерисинче жаңы, таза өлкөдөн карыз алып, өлкөбүздү карыз менен таанытууда,САТУУДА!! Жаштардын ичи күйүп бүттү!! Кыргызстан бүгүнкү бийликке ишенбейт,анткени биз шайлаган жокпуз, алар өздөрүн өздөрү бийликке алып келишти, жакынкы 5 жыл, жада калса 10 жылыбызды карышкырлардын колуна бердик!!! 😣😔💔
Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып, Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын. Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып, Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып. Алга кадам таштагансып жаңы, Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл. Таштаарында багыт, аркалаган бакыт, Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып. Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы, Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары. Жараланган жүрөк таппай келет түнөк, Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк. Кайылмын баарына, кайдигер арыма, Коркомун калыштан Кудайдын каарына. Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн, Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр. Кайырма: Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек, Жашоого сен эмес, жашоо сага керек. Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет, Келечегиң болсо, эртеңки күн келет. Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман, Азыр бул заманда кыйын болуу адам. Жаса кадам, алдыга ташта максат, Бекер отурбастан, аракет кыл, башта. Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк, Жаратканым гана сага болот жөлөк. Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң, Алардан ал бата, сый-урматка бөлө. Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн, Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр. Алгач адам бол жөнөкөй, анан Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман. Кайырма: Өмүр деген - узун дайра, Артты көздөй ал акпайт кайра. Жаштыгың ал ошол дайра сымал, Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал. Убакыт бул - учкан куштай, Учурунда карма колго уучтай. Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт, Ак ийилет, бирок такыр сынбайт. Багыттайт жүрөгүң туура жолго, Эң башкысы, сен аны жоготпо. Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан, Сак боло жүр андан айрылуудан. Бул өмүрүңдө эч бирөөгө, Эч качан эч сын тага көрбө. Жаңылбаган эч бир адам Болгон эмес, жаса алга кадам!
😭😭😭😭😭Мен 18 жашымда келдим Россияга азыркы учурда 21 жаштамын 😭 Кыргызстанга бара елекмин ата-энемди бир туугандарымы көрө элекмин 😞 аларды сагындым 😭 Кыргызстанды баарын сагындым 💔💔💔
Мен 19 жашымда келгем азыр 25 ке чыктым кыргызтанга бара элекмин дагы эле Ушул ыр жаны чыкканда москвага барып келсем деп кыйалданчу элем Корсо тузу оор экен москванын бирок конуп калдым азыр
Очень душевная песня., со смыслом, начинаешь задумываться, над жизнью. Молодцы! Успехов вам! 💐Но в клипе было бы красиво если бы девушка надела белое длинное платье, и национальную жилетку.