Ассалому алекум биртуугандар. Коптон куткон клибибиз дагы даяр болду.Сиздерге жагат деген ойдомун 🤗 Лайк басып,комментарий калтырып кетиниз🙌 Жакшы соз жан эргитет 🤗 Баарыбызда ийгиликтер коп болсун 🤲🤲🤲
Сирендерим! Өзүңдү таппай көптүн арасынан, Жүргөндө айыга албай жараатымдан. Куюлуп арман болуп агып жаттым, Куштардын куса серткен канатынан. Алдастайм ары-бери ары-бери, Жалгызмын жан көргөн жок аны деги. Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн, Тизилген каркыранын сабы мени. Көп жаштар көчө бойлоп агат улам, Көрө албай жалгыз сени арасынан. Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум, Талпынган куштун гана канатынан. Күйүттүн өзү өчсө да зарпы калаар, Билгендей махабаттын дартын алар. Атыңдын баш тамгасын көккө жазып, Алыска учуп кеткен каркыралар. Күн батат, таңдар атат, агат суулар, Күйүтүн өчүрө албайт жараттуулар. Муңумдун баш тамгасын эске салып, Муңайта бербегиле канаттуулар. Жаз келди жашыл жайып килемдерин, Билгендей келбес жайга жибергенмин. Сирендер гүл ачканда сени эстейм, Сиреним, сирендерим силер менин. Бул адат кайдан мага калган билбейм, Адашкан арманымды жаздан издейм. Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болдуң, Түбөлүк калышынды билээр дедим. Сени эстеп жашай берем ойдо сонун, Мен үчүн махабаттан артык орун. Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын, Сен болсоң уктатаарым, ойготоорум. Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин, Жаштыктын жашап коюп ширин жерин. Муңайдым, муңайбаска аргам барбы?! Муң, арым, муң, арманым силер менин. Сирендер гүлүн ачса сени эстейм, Сирендер, сирендерим силер менин!
Сенин ушул ырын менен ооруп калдым,ыр ээсин табыптыр ,тажабай угуп жатам,клипти дагы жакшы тартыпсын авторду чагылдырып. Элмирбек агабыздын жаткан жери жайлуу болсун .
Ен соонун чыгарма болуптур кешке Ыраматылык Елмирбек иним козу тируусундо ушул ырлары чыканда озу уканда кандай соонун болмок атин бир кем дуйно кличке Гулбубу синдибизди койсон жакшы болмок аябай ыйладым екоо тен бир келген талантуу ар тараптан топ келишкен инсандар еле бир кем дуйно еерчишип кете беришти силерди еч качан унут байбыз Елмирбектин дагы да соонун ырларды жазган ал ырларын да чыгаргыла ырда соз жок аткарган Ырчыда да соз жок Ыр просто бомба кыргыз елин еч качан силерди унутбайт ар заман есибисдесинер атин дуйно ерте кетинер бул ырды 100 жолу уктум тажабадым ыйладым буркурап айла жок дуба кылам жатканжеринер жайлуу болсун алтындарым
Жаныбек, азаматсын! Эн мыкты чыгарма болуптур. Элмирбектин ырлары туболуктуу ырлар, аны ырлары менен эстеп турабыз. Жаныбек, сага дагы да чыгармачылык ийгилик каалайм! Онорун оркундой берсин!
СИРЕНДЕРИМ Өзүңдү таппай көптүн арасынан, Жүргөндө айыга албай жаратымдан, Куюлуп арман болуп агып жаттым, Куштардын куса серпкен канатынан. Алдастайм ары-бери, ары-бери, Жалгызмын, жан көргөн жок аны деги. Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн, Тизилген каркыранын сабы мени. Көп жаштар көчө бойлоп агат улам, Көрө албай жалгыз сени арасынан. Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум, Талпынган куштун гана канатынан. Күйүттүн өзү өчсө да зарпы калар, Билгендей махабаттын дартын алар. Атыңдын баш тамгасын көккө жазып, Алыска учуп кеткен каркыралар. Күн батат, таңдар атат, агат суулар, Күйүтүн өчүрө албайт жараттуулар. Муңумдун баш тамгасын эске салып, Муңайта бербегиле канаттуулар. Жаз келди жашыл жайып килемдерин, Билгендей келбес жайга жибергемин. Сирендер гүлун ачса сени эстейм, Сирендер, сирендерим силер менин. Бул адат кайдан мага калган билбейм, Адашкан арманымды жаздан издейм. Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болуп, Түбөлүк калышыңды билер дедим. Сени эстеп жашай берем ойдо сонун, Мен үчүн махабаттан артык орун. Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын, Сен болсоң уктатарым, ойготорум. Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин, Жаштыктын жашап коюп ширин жерин. Муңайдым, муңайбаска аргам барбы? Муңарым, муң-арманым силер менин. Сирендер гүлун ачса сени эстейм, Сирендер, сирендерим силер менин.
Ото сонун рахматылык Элмирбек байкеннин жаткан жери жайлуу болсун ушундай бир чийбес акынды карабадык чимкириктер жеп тойбойкойушту ушундай акындарыбызды караш керек эле уй берип кокторго которуш керек эле казак туугандардын акындарын карасанар ичин куйот а биздечи итке соок таштагансып 😢просто куйосунда туугандар ылайым элими тынч кыл Аллахым чондорго ыйман бер бир кун келет арбир нерсеге жооп беретурган жеп тойбойт булар кудду ольостой журот тооьо тообо
Ушул ырды мыкты аткарыпсын ушул ыр үчүн сага катталдым ийгилик чыгармачылыгыңа көп угат элем бул ырды эстрада менен ырдапчыса деп ойлоп койот элем мен ойлогондой чыгыптыр дагы чыгар ушундай сонун ырлардан
красавчик сендеги голос эчкимде жок булбулдай болгон унун очпосун Жакеш досум молодец кайра кайра угамго Умот досун козуно жаш алып жибердиго сонун ырдапсын журоко жеткире жеткире❤
сен да бактылуу бол укам Аллахым эки дуйно бактылуу кылсын суйгонуно жет бала чакалуу бол тапичкелер кобойсун Кыргыз элине пайдалуу керектуу эл журтка улгулуу уйбулолордон бол ылайым чын журоктон тилейм
Менин жашоомдон алынгангандай чыгарма сымал😔!!! Атин арман жакшы коргон адамым 5 жыл коро албай келем, жашоодогу сыноо деп билем жок жередн соттолуп кеткен😔. Бирок андай боорукер адам көрө элекмин. Анын ар бир кылыгын созун ушул чыгармадан сездим. Эч качан жакын адамыздардан айрылбаныздар !!!!!
Ушул ырды кутуп жаттым эле, кайра кайра кечке угуп атам, сонун чыгарма болуптур, ийгиликтер болсун,Калипа ар кандай клипке корк берет да, натуральный сулуулук Кыргыздын Ак Моору