Айланайын Болот иним элдин алдына тизе бүккөнүңө ыраазы болуп эрээркем ыйладым😢Аллахым биздин дубабызды кабыл кылып сени 3 жыл элинден бөлгөндөрдү сенин астыңа тизе бүктүрсүн ❤
Болот азаматсыз, кокурогун, коодонун толуптур, курчупсун , Эл алдында тизе букконунду коруп козумон жаш кетти, бар бол Бали. Сени сахнага алып чыккан Акматка мин Рахмат.
Акматбек менен Болот экоо бири-бирине топ келген акындар, экоо гана бири-бирине тен келет. Биринен бири откон токмолор!!! Бар болгула улуу онорду сактаган кыргызымдын акын уулдары!!! Болот, Акмат досунду жалгызсыратпа!!! Эми дагы далай айтыштардан коробуз деген ишеничтебиз!!! Сен эн мыкты акынсын!!!
Келечегин кен болсун,, ден соолугун бек болсун,карангыда коз тапкан, чукугандай соз твпкан,эч кимге окшобогон тубаса таланты менен элге таанылган эл уулу Болот ар дайым бар бол, эл оозкна алынып, опол тоодой ордун барына сыймыкьанабыз 👏👏👏💐♥️
Элмирбек агайдын эээн кучтуу шакирти Болот Назаров Бирде жигит тоо минет бирде жигит жоо журот дейт Арыбаныз Болотум жашоодо, чыгармачылыкта ийгиликтер коштосун
Болот эч качан майтарылбайт кайра абдан курчуптур Бар бол балам элин дагы абдан сагынган экен кол чабууларга караганда Ылайым омуруун узуун болуп калкындын кадырлаган Чагылганы болуп журо бер
Ушундай уулун жектеген , Болбогон шылтоо менен кектеген. Элден уулун айрыган адамдарды, Аллахым жазасын берсин😢 Болот сени элин турганда сахнадан кутот,умут узбойт.Сенин ордун сахнада кагылайын❤
Токтогул акын Сибирден, Жөө жүрүп келген элине. Жөө жүрүп келген Токомдун, Ырларын эми балалык. Токомдой кылбай Бокемди, Тоолук элим кабыл ал. Чындыкты айтып чыркырап, Чагылган акын ыр курат. Жашасын эми Чагылган, Элимдин алып батасын!
Аллахка шугур болот байкем кара келген тура Акмат байке болот байке эконуздор ардайым Эл алдында элге ырдап журо бергиле Аллах озу колдосун сиздерди омурдо Алахтан башка эчкимге ишинер тушпосун омийн
Керемет айтыш! Талантынар ташкындап, зоболонор зоодой, ырыскынар тоодой болуп, эл алдында жаркылдап журууну Жаратканым насип кылсын 🤲 Болот балам , адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң. Силер жакшыдан калган шакирттерсинер айланайындар, дайыма эл алдында жургулө.Эл сагыныптыр сездиң да, эми алыстаба балам❤👍
Болоттун сахнага кайра келиши элди кубандырды, эч майтарылбастан онорун оркундосун , ак ийилет сыйнайт дейт элибизде бар бол , аман бол! Элдин батасы тийсин!
Ананайындар бири ак бири кара эгиз козулар ээрчишип еле жүрө бергиле Элмирбектен калган жакшылаарым Болот садагасы башты бийик көтөрүп кел айланайын Эл сени сагынды сенин ордуң сахнада Акматбек досуңду жандап жүргүн ардайым сен мыктынын бирисин ананайын !
Изат , башка акындар эмнеге келип куттуктап коюшпады экен? Же Акматбеке ичтери таарыйбы?.. Же королбастык барбы аранарда?! Тебетей кийгизип эле журушчу элего ким концерт берсе..