Сөзү Атахан Кожогуловдуку,
обону Түмөнбай Колдошовдуку
Төмөндө тексттин жарыяладым, кошулуп ырдаңыз.
Өмүр сенден - азды сурап, көптү алдым,
Маңдайыңа кызыл гүлдү кыстардым.
Өмүр сенден - толкудум да, ташыдым,
Өзөк өрттөп кайгырдым да, жашыдым.
Унутулду, унутулбас асылдар,
Кыйбас тоолор кышың кымбат, жазың жар.
Кадырымды билген кезде мекеним,
Кадырымды билбей турду жакындар.
Дилим көктө, өзүм жерде, суудамын,
Балким отто, шамалдамын, буудамын.
Ысымымды тааныганда калың эл,
Ысымымды тааныбады тууганым.
Болбос жерде, болор кепти козгодум,
Боорум тилип, боз ингендей боздодум.
Ырларымдан тааныганда бейтааныш,
Ырларымды тааныбады досторум.
Өмүр сенден - азды сурап, көптү алдым,
Маңдайыңа кызыл гүлдү кыстардым.
Өмүр сенден - толкудум да, ташыдым,
Өзөк өрттөп кайгырдым да, жашыдым.
11 ноя 2021