Тёмный

Жеңишбек Шамшиев - Билесиңби 

Жеңишбек Шамшиев
Подписаться 10 тыс.
Просмотров 205 тыс.
50% 1

Жеңишбек Шамшиев ыр жыйнагы:
• Жеңишек Шамшиев - Угуз...
сөзү: И. Гилязетдиновдуку
обону: Ж. Шамшиевдики
аткаруучу: Ж. Шамшиев
Билесиңби
Терезеден тиктеп жарыкты,
Термелүүдөн көзүм карыкты.
Үмүтүмдү тартып калчуудай,
Күдөр үзүп жаным камыкты.
Же үмүтпү мени алдаган,
Же сүйүүбү мени арбаган.
Ким айыпка кылган кириптер,
Кишенделип чыга албаган.
Шаңкар тоодой булут чулгаган,
Ойлор басып бирөө турду араң.
Убалымдан менин коркпостон,
Уйку, сүйүүм сенсиң уурдаган.
Эркем укта, өчтү жарыгың,
Эмгек этип балким арыдың.
Өмүр бою жансын жаркырап,
Өчүрбөчү сүйүү жалынын.

Опубликовано:

 

22 янв 2016

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 120   
@user-rg6rb9fv4c
@user-rg6rb9fv4c Год назад
Кандайгана укулуктуу жеткиликтуу ырдаган.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 7 месяцев назад
Рахмат сизге, үнү шаңшып турар эле. Бекем ден-соолукта болуңуз
@olmasysmanova473
@olmasysmanova473 2 года назад
Балалыгым эсиме түштү , радиодон ушул ырларды укчубуз .
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Чоң рахмат. Канчалаган замандаштары эскерип жаза башташты. Сиз дагы ден-соолукта болуңуз! Өз мезгилинин шаңшыган булбулу эле, аттиң!
@user-br2be7be3z
@user-br2be7be3z 3 года назад
Женишбек Шамшиевдин ырларын кайра, кайра уккун келет.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Чоң рахмат сизге! Ден-соолук каалайбыз! Бир керемет жаралган инсан эле атабыз!
@quality6226
@quality6226 5 лет назад
Шамшиевдин ырлары мага абдан жагат!
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Рахмаат чон! Бар болунуз!
@user-ct3xl5ik9j
@user-ct3xl5ik9j 2 года назад
Шаншыган Шамшиев талантынызга таазим
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Чоң рахмат! Бекем ден-соолук каалайбыз сизге!
@user-yo5ur7fe3b
@user-yo5ur7fe3b Год назад
Женишбек Шамшивбдей ырчы деп ушуларды айтыш керек наам бериш керек Уксан тажабайсын кайра кайра уккун келет👍
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d Год назад
Рахмат сизге, ооба кандай гана озгочо обончу эле. Ден соолукта болунуз
@user-yq5sl3pg6g
@user-yq5sl3pg6g 4 месяца назад
Кыргыздын легендасы шаншыган уну менен туболуко жашайт бейишин берсин.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 4 месяца назад
Чоң рахмат! Кандай керемет сөздөр, бар болуңуз. Күндөн күнгө көптөгөн эскерүүлөрдү окуп, кубанып атабыз.
@user-pu7fu2hz1k
@user-pu7fu2hz1k 2 года назад
Ох кандай гана керемет кайрыктар, рахмат, таап алдым👍👍👍
@mairamsagyndykova8964
@mairamsagyndykova8964 3 года назад
👍👍👍👏👏👏🌟🌟🌟🌹🌹🌹
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Рахмат чоң! Жан дүйнөңүз ырга толуп турсун!
@user-dl8hg1rm5l
@user-dl8hg1rm5l Год назад
Аттин арман унугузго таазим журоктон чыккан ырлар,биздин жаштык ушул ырлар менен отту.ыйманы жолдош болсун
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 7 месяцев назад
Рахмат сизге чоң, аттиң ошол мезгилдеги концерттердин видеолору сакталып калса эмине. Сизе бекем ден-соолук каалайбыз.
@user-tw4nz8gq8d
@user-tw4nz8gq8d 3 года назад
Кайталангыс керемет ырлар
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Чоң рахмат! Ден-соолукта болуңуз!
@user-og6rw6zh7i
@user-og6rw6zh7i 4 года назад
Жаткан жери жайлуу Болсун.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Оомиин, рахмат сизге! бар болуңуз!
@datkasamatova4665
@datkasamatova4665 4 года назад
Женишбек агай кайталангыс талант
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 4 года назад
Рахмат чоң! Ден- соолукта болуңуз!
@zoyaa2524
@zoyaa2524 5 лет назад
Кайталангыс талант
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Рахмат, бар болуңуз!
@user-mm2sn5pr1q
@user-mm2sn5pr1q 2 года назад
Кандай талант уну укмуш ташыйгго чиркин ушунчалык бардык жогу топ келишкен адамзатын пендеси болгон экенда кайталап укан сайын укун келетЖенишбек акенин обондорун алаыразы болсун
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Керемет сөздөр, рахмат сизге. Ооба, өтө айкөл десе айкөл, таланты ташып турган инсан эле. Ден-соолукта болуңуз!
@mairamturumbekova3191
@mairamturumbekova3191 5 лет назад
Очурбочу суйуу жалынын деген кандай керемет эле
@user-fn7gx9yn3t
@user-fn7gx9yn3t 3 года назад
Аббддан сонун ун керемет эс аласын. Чарчаганда эс алдыруучу даары.,,,
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Чоң рахмат! Ден-соолукта болуңуз.
@nomad-fw3xw9yd8m
@nomad-fw3xw9yd8m 5 месяцев назад
Женишбек ага менен Канымгул Досмамбетова эже жараткандын кыргызга берген белектери экен. Ар нерсенин баасы салыштыруу менен аныкталат. Жалган дуйнонун жалгыз чындыгына баш ийдинер. Жаткан жеринер жайлуу болсун. Омурдон отсонор да олбос болуп. кеттинер.
@user-ll5gu5ki2l
@user-ll5gu5ki2l 2 года назад
👍🏻👍🏻👍🏻
@user-tc5rw2je1q
@user-tc5rw2je1q Год назад
Ошто обончулардын фестивалы болуп калды. Биз анда жаш студент элек. Женишбек ака. Кудашака. Жана башка обончулар бар эле. Ошондо таанышып калдык биринчи жолу. Кийин коп жерлерде. Концерттерде бир болдук. Ото сонун. Простой инсанэле. Ырлары ото маанилуу. Озу да алтындай киши болчу.кап. омурунун аздыгын айт... Болбосо дагы коп сонун ырларды жаратмак...жаткан жери жайлуу болсун.ырлары кыргыз элинин журогундо туболук сакталат. Озгон.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d Год назад
Чоң чоң рахмат сизге. Кандай сонун керемет эскерүү. Ушундай жылуу сөздөрдөн өтө чоң дем, күч кубат алабыз. Ден-соолукта болуңуз, бакубат жашаңыз. Шамшиевдердин үй бүлөсү
@umarstanov7129
@umarstanov7129 5 лет назад
Мыктынын мыктысы
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Ооба, үнү кандай шаңшыйт эле! Рахмат чоң! Бар болуңуз!
@user-wc7fj1rp8e
@user-wc7fj1rp8e 5 лет назад
Буйруп насип этсин ошол кунду ,буйурса барып катышууга даярмын аманчылык болсун бар болгула.
@rozadekebaeva3644
@rozadekebaeva3644 Год назад
Биз жаш кездеги керемет ырлардын бири.👍👍👏👏🌹
@asylbekmamytov6307
@asylbekmamytov6307 5 лет назад
Азыркы нанаейлерге караганда өлбөс өчбөс ырлар го чиркин!!!!
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Рахмат! Бар болунуз!
@user-se2gc7qm2r
@user-se2gc7qm2r Год назад
Балалык кезибиз ушул ырлар менен коштолгон кайталангыс талант ,уккан сайын уккун келет 👍👍👍👍
@user-io5fq4cq6k
@user-io5fq4cq6k 2 года назад
Ушул ырларды угуп чонойдук го...
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Чоң рахмат сизге, ден-соолукта болуңуз! Сиздердей угармандары барда атамын ырлары түбөлүк жаңыра берет!
@user-ue5gk9fe1i
@user-ue5gk9fe1i Год назад
Керемет кыргыздын уну алга
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d Год назад
Чоң рахмат! Бар болунуз!
@dariaak.7614
@dariaak.7614 2 года назад
Очурбочу суйуу жарыгын, азамат ырчынын уну, аткаруусу жогорку чеберчиликте!
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 7 месяцев назад
Ооба, кандай сонун ырдайт эле. Рахмат сизге, бекем ден-соолукта болуңуз
@user-hj9jp2je3o
@user-hj9jp2je3o 5 лет назад
Тооунун таза суусун таза абасын сиздин унуздон билсе болот канча уксан да уккун келет женебизге омур берсин балдарына баш болсун кооп жашасын
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Айтканыңыз келсин! Бар болуңуз! Чоң рахмаат!
@user-pg5hj8fw7c
@user-pg5hj8fw7c Год назад
@@user-kl9ow5rd3d юз
@user-pg5hj8fw7c
@user-pg5hj8fw7c Год назад
9
@user-gg7qc9ls5p
@user-gg7qc9ls5p 2 года назад
ыр жакшы
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Рахмат чоң! Бакубат жашоо каалайбыз!
@user-gd2bv1bz6o
@user-gd2bv1bz6o 2 года назад
Коп коп чыгаргылачы ырларын
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздерден күч дем алып турабыз!
@azamatoroskulov5813
@azamatoroskulov5813 5 лет назад
Уасан жан дуйнон жыргайт 1 кундо канча угам ох укандан эч тажабайм
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
@@azamatoroskulov5813 Бар болуңуз! Сиздердей кыргыз эли турганда атамын ырлары жашай берет. Соолубайт элдик башат!
@user-ul5th7fe5d
@user-ul5th7fe5d 2 года назад
Мен Шамшиевтин Ырларын аткарчуу элем.Абдан Обондору сонун созолонуп.
@user-vw8go8fg1c
@user-vw8go8fg1c 2 года назад
Кандай кана сонун керемет ун уккан сайын уккун келет ырынын мазмунучу чиркин эмнеге азыркы ырчылар мындай ырдашпайт бир ыр барго суйуп калдым кантейин деген ошол ырды кантип уялбай ырдап чыккан уккмак турсун очургончо шашабыз ахыркы ырдап чыгып жаткан ырчы соройлор ушундай ырларды угуп анан силео да ушинтип ырдасанар кандай жакшы болот эле ыр деп эле тантырап ырдабай эле тынч эле кочо шыпырып журо бергилечи демекмин
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Чон рахмат сизге, бекем ден соолукта болунуз! Чынында кыргыз маданияты, музыкасы сакталып калсын деп чын журоктон куйуп атасыз да. Ооба, чындыгында, атамын дирилдеген уну бар эле. Сиз айткандай ырдын созуно ото чон маани берип, обон жазып жатканда кээ бир создорду синонимдер менен алмаштырып койчу. Мисалы, бир ырдагы «мээнетин алып журойун» деген сапты «мээримин суйкум жалжалым» деп, «мен бойдок кезде кайда элен» деген сапты «мен боз улан кезде кайда элен» деп алмаштырган.
@user-pu7fu2hz1k
@user-pu7fu2hz1k 2 года назад
Белгилүү режиссер, ыраматылык Төлөмүш Океевден " Адам баласы барбаган аралга жалгыз жашоого туура келсе өзүңүз менен эмнени ала кетмексиз?- деп суроо узатышканда "Жеңишбек Шамшиевдин ырларын гана!"- деп айткан экен ойлонбостон...
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Чоң рахмат сизге ушул эскерүүнү жазганыңызга. өтө маанилүү эскерүү. Улуу инсандын берген баасы атабыздын обондорунун өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат. Сизге бакубат жашоо тилейбиз!
@user-jl7by7nr3h
@user-jl7by7nr3h 6 лет назад
Дизлайк эмне экенин билбеген киши басат да эн соонун ырлар да булар уккун эле келет го кошо ырдап
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 6 лет назад
Гульбара Омуралиева Чоң рахмаат!!!
@abdunomanzhanmaksutov1879
@abdunomanzhanmaksutov1879 6 лет назад
Мына ыр деп муну айт
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Рахмаат чоң! Бар болуңуз!
@user-ql5fb8sc9j
@user-ql5fb8sc9j 6 лет назад
таазим
@ladyaibike8027
@ladyaibike8027 6 лет назад
Кандай адам дизлайк басат, мен тушунбойм.
@user-bs8ep3vp9j
@user-bs8ep3vp9j 5 лет назад
Lady Aibike, кыргыз эместер го.
@zoyaa2524
@zoyaa2524 4 года назад
Журогу муздар
@user-xr8jj9yj2e
@user-xr8jj9yj2e 3 месяца назад
Алар маңкурттар
@user-qk2sq6mv7l
@user-qk2sq6mv7l 5 лет назад
Элдин журогундо дайым сизде ырларыныз обондорунуз жанырып,бейиш багынызды коштоп Турсун Оомиин
@rahatshamshieva200
@rahatshamshieva200 5 лет назад
Рахмаат чоң! Сиздердей талантты баалаган адамдардын жылуу сөздөрұ бизге чоң кубат болуп турат!
@aburov3696
@aburov3696 5 лет назад
Altynai Kudaiberdieva gtdjfjhkc
@user-yk2ko7po2m
@user-yk2ko7po2m 2 года назад
👍👍👏
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Чон рахмат! Ден-соолукта болуңуз!
@asylbekmamytov6307
@asylbekmamytov6307 5 лет назад
Жылдызбыз дегендер ушундай талант ээлеринен үлгү алышса зор болмок аттиң!!!
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Алар укмуш наамдарды алып атышпайбы!!! Атама КР эмгек синирген артиси деген наамы араң 2003-ж ыйгарылган:(
@user-bk7lm3ny5v
@user-bk7lm3ny5v 6 лет назад
Нагыз журокту эргиткен ырлар
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 6 лет назад
Ыраазыбыз сизге! Ден-соолукта болуңуз!
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 6 лет назад
Силердей ышкыбоз адамдар көп болсун! Атабыздын чыгармачылыгын терең баалап, урматтаган үчүн ыраазыбыз!
@user-su3jv3jw4u
@user-su3jv3jw4u 6 лет назад
Міне нағыз өнер.!Сіздің өнеріңізге тəнтімін.Алматылық тыңдарманыңыздан.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 6 лет назад
Чоң рахмааат, боордош угарманыбыз! Бар болуңуз!!
@rahatshamshieva200
@rahatshamshieva200 6 лет назад
Зауре Нарымбаева рахмет сизге, тыңдармандарға! Ден-соолукта болуңуздар!
@agzammagazin6697
@agzammagazin6697 5 лет назад
Каиран киши бир келди бир кетти,ушунчалык сыилап укчу элек мындаи кишилер каира жаралбаитко!
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Рахмат, бар болуңуз!
@bazarkanomurzakova8091
@bazarkanomurzakova8091 Год назад
Женишбек агайдын ырларын укканда жаш кезим эсиме тушуп, кадимкидей эс алып.Кудай кыргызга кандай таланттарды берген.Агайдын ыры башкача, обону ушунчалык жан дуйнонду ырахатка болойт.
@user-wc7fj1rp8e
@user-wc7fj1rp8e 5 лет назад
Ушундай таланттуу, журоктон чыккан ырды жараткан ырларына мин мертебе рахмаат Алла ыраазы болсун ,мен аябай суйуп угам, эл алдында келет ырдагым теледолборго катышып Очпос муноттор аттуу ырын ырдап жатам агайдын арбагы ыраазы болсун, ютубтан корсонор болот.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Канышай Исмаилова Аллах ыраазы болсун! Терең ыраазычылык билдиребиз! Буюрса 2020 атамын 75 жылдығын өткөрөбүз. Байланышта бололу
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Фейсбукта Rahat Shamshieva
@user-mu8sx1cr5f
@user-mu8sx1cr5f 2 года назад
Унунон эле уч, торт добуш чыгат экен.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 2 года назад
Ооба, озуно гана таандык дирилдеген уну бар эле, аттин. Рахмат сизге, бекем ден соолукта болунуз!
@mairamturumbekova3191
@mairamturumbekova3191 5 лет назад
Азаматсыз талантынызлы балаа кунумду билем сиздин ырларынды угуп ырдап чонойгонмун талантынызга тааазим бар болунуз Ден соолукта болгула
@mairamturumbekova3191
@mairamturumbekova3191 5 лет назад
Ырларыныз ырдалып эле журо берсин
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Аттиң ошол мезгилдеги шаңшыган үнү! рахмат сизге, ылайым ден-соолукта жүрүңүз!
@mairamturumbekova3191
@mairamturumbekova3191 3 года назад
@@user-kl9ow5rd3d Рахмат озунорго дагы Аллахым ууузуун омур берсин
@user-ol6xj3ip9v
@user-ol6xj3ip9v 5 лет назад
Агабызга арбир комментарий жазгандар мекендештерге чон ракмат
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Рахмаат чоң! Талантты баалагандар дагы эле бар экен!
@user-ys1tq4xx4t
@user-ys1tq4xx4t 5 лет назад
Аман болындар кыргыз бауырлар
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 5 лет назад
Рахмат, Казахстандык боордоштор. Биз үчүн чоң сыймык!
@user-hr1iw6cm5k
@user-hr1iw6cm5k 3 года назад
Бул кишинин ырларындай ырлар жокко эсе уккан сайын кошо ырдап жашоодо капачылыкты унутасын
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
Кандай керемет сөздөр! Өзүнө гана таандык дирилдеген үнү бар эле, аттиң! Бар болуңуз!
@user-bk7lm3ny5v
@user-bk7lm3ny5v 6 лет назад
Ким дизлайк басса наалат тийсин
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 6 лет назад
Кыргыз музыкасын түшүнбөй, атам кыргыздын комузун кайтарып бергенин барктабагандар да. Аллах нысап берсин ушундай адамдарга!
@user-ub1dc4mf6h
@user-ub1dc4mf6h 4 года назад
талантыгызга таазим керемет ырлар уккан адам тажабайт жашсын нукура элдин ырлар
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
@@user-ub1dc4mf6h чоң рахмат! Бар болуңуз!
@user-ge1dw8pg4t
@user-ge1dw8pg4t 2 года назад
Оф кандай сонун ун Укун еле келетко мынча сонун
@user-xr8jj9yj2e
@user-xr8jj9yj2e 3 месяца назад
Тексттин ким билет жазып койгулачы
@danagyldjymabekova8753
@danagyldjymabekova8753 4 года назад
Созун ким билет ушул ырдын ? Жазып жибересинерби ?
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 4 года назад
Билесиңби С. Илгиз Гилязетдиновдуку О. Ж. Шамшиевдики Терезеден тиктеп жарыкты, Термелүүдөн көзүм карыкты. Үмүтүмдү тартып калчудай, Күдөр үзүп көзүм камыкты. Же үмүтпү мени алдаган, Же сүйүүбү мени арбаган. Ким айыпка кылган кириптер, Кишенделип чыга албаган. Шаңкар тоодой булут чулгаган, Ойлор басып бирөө турду араң. Убалымдан менин коркпостон, Уйку, сүйүүм сенсиң уурдаган. Эркем, укта, өчтү жарыгың, Эмгек этип, балким арыдың. Өмүр бою жансын жаркырап, Өчүрбөчү сүйүү жалынын.
@danagyldjymabekova8753
@danagyldjymabekova8753 4 года назад
Чон рахмат ! Женишбек Шамшиевдин ырлары эл оозунда унутулбай ырдалып журуш керек .
@miramustafa8400
@miramustafa8400 3 года назад
@@user-kl9ow5rd3d Шамшиевдин бир эркек баласы Фрунзе Политехникалык Институтунда ПГС де окуса керек эле. Менин группалаш дос кызым аны аябай жактырып калып Шамшиевдин ырларын ырдап журуп ошондон улам билдим эле чон композитор-аткаруучу Шамшиев бар экенин. Байкуш курбу кызым, жаздыкка канча жашын токту, эмне деген ырларды жазган жок Шамшиевдин уулуна., бирок бири да берилген жок адресатка. Биздин убактагы кыздар чынында эле ыймандуу экен. Менден болок эч ким бул суйууну билбей калды.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 года назад
@@miramustafa8400 Рахмат сизге, ден соолук каалайбыз!
@user-ik4fb8ub1p
@user-ik4fb8ub1p Год назад
Ырдын созун укбай обону чыкканда эле а шамшиев дейсин да кристалический таза добушу бар эле аты очпойт мындай адамдын атам бар да мен таптагы ылаачын деген ырычы кайран акын
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d Год назад
Өтө таамай айттыпсыз, кандай гана таза дирилдеген үнү бар эле. Аттиң, бир дагы видеосу жок жаш кезиндеги. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз. Ден-соолукта болуңуз!
@user-xr8jj9yj2e
@user-xr8jj9yj2e 3 месяца назад
Тексттин ким билет жазып койгулачы сураныч
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 3 месяца назад
сөзү: И. Гилязетдиновдуку обону: Ж. Шамшиевдики аткаруучу: Ж. Шамшиев Билесиңби Терезеден тиктеп жарыкты, Термелүүдөн көзүм карыкты. Үмүтүмдү тартып калчуудай, Күдөр үзүп жаным камыкты. Же үмүтпү мени алдаган, Же сүйүүбү мени арбаган. Ким айыпка кылган кириптер, Кишенделип чыга албаган. Шаңкар тоодой булут чулгаган, Ойлор басып бирөө турду араң. Убалымдан менин коркпостон, Уйку, сүйүүм сенсиң уурдаган. Эркем укта, өчтү жарыгың, Эмгек этип балким арыдың. Өмүр бою жансын жаркырап, Өчүрбөчү сүйүү жалынын.
Далее
Жеңишбек Шамшиев - Билесинби
5:48
Samara Karimova - Gelir Misin - TRT Avaz
6:13
Просмотров 2,2 млн
Жолболду Алибаев - Кок сулуу
17:07