с. о. Ж. Шамшиевдики аткаруучу: Ж. Шамшиев Таарынба Негедир мага таарынып, Келбейсиң күтсөм зарыгып. Жоодурап көзүң элестеп, Жол карап күтсөм зарыгып. Билмексен болуп жүрөсүң, Билсең да жүрөк мүдөөсун. Таарынба, кечир сүйгөнүм, Кетирген кемчил күнөөсүн. Каймана далай күн өтсө, Кайгы муң мени жүдөтсө. Сүйкүмсүз солуп калабы, Сүйүүнүн гүлү жүрөктө. Койчу эми келчи кубана, Шаттыка шаттык улана. Жүзүңдөн турсун сезилип, Жүрөктөн берген убада.
сөзү: И. Гилязетдиновдуку обону: Ж. Шамшиевдики аткаруучу: Ж. Шамшиев Билесиңби Терезеден тиктеп жарыкты, Термелүүдөн көзүм карыкты. Үмүтүмдү тартып калчуудай, Күдөр үзүп жаным камыкты. Же үмүтпү мени алдаган, Же сүйүүбү мени арбаган. Ким айыпка кылган кириптер, Кишенделип чыга албаган. Шаңкар тоодой булут чулгаган, Ойлор басып бирөө турду араң. Убалымдан менин коркпостон, Уйку, сүйүүм сенсиң уурдаган. Эркем укта, өчтү жарыгың, Эмгек этип балким арыдың. Өмүр бою жансын жаркырап, Өчүрбөчү сүйүү жалынын.

Чиркин ай ,сама доброта, сама любовь ,сам натурал безфонограммы какое содержание песни , какое исполнение , оченьдушевные песни , менин жердештерим, талантттуулардын мекени , Рысбай Абдыкадыров ...дагы Кара Кулжалык , мен Алай - Куулукмун , абдан сагынып журом туулган жеримди , 😢
Чоң рахмат сизге, кандай керемет сөздөр. Атамдын нукура жердеши турбайсызбы, чынында атам аябагандай кең пейил, ак көңүл, сама доброта болчу. Ошонусун жогору баалаганыңыз үчүн терең ыраазыбыз. Аман болуңуз, алыста экенсиз
Бала кезимде атам, апамдар ырдап, теңтуштары менен чогулушканда, кийин пластинкалардан угуп калдык, андан да кийин магнитофон Дон угуп чоңойдук. Таланты зор ырчы экен, ырларын азыр да угам, ата-энемди эстейм, балалыгымды эстейм, Жеңишбек атабыз жок болсо, ырлары менен биздин арабызда.
Сизге чооооң ыраазычылык айтабыз. Кандай керемет сөздөр, керемет эскерүү. жазып туруңуз дагы дагы эскерүүлөр болсо. Биз дайыма окуганга, жооп бергенге аракет кылабыз. Бекем ден-соолукта болуңуз
Женишбек ага менен Канымгул Досмамбетова эже жараткандын кыргызга берген белектери экен. Ар нерсенин баасы салыштыруу менен аныкталат. Жалган дуйнонун жалгыз чындыгына баш ийдинер. Жаткан жеринер жайлуу болсун. Омурдон отсонор да олбос болуп. кеттинер.