Буга чейинки видеосабакта 3 негизги модалдык этиштер талдоого алынган эле. Бул ирет автор must, should, have to модалдык этиштери тууралуу айтып берет. Бул этиштердин кепте аткарган кызматы кандай, тигил же бул кырдаалда аталган этиштердин кайсынысын колдонууга болот, бири-бири менен окшоштуктары жана айырмачылыктары, эмне маанини туюндурат деген суроолорго жооп изделет. 3 этишти тен кимдир бирөөгө кенеш берүү, сунуштоо маанилеринде колдонсо болот, бирок кептеги эмоционалдуулукту берүү денгээли бирдей эмес. Этиштердин ушул жана башка өзгөчөлүктөрү сабакта кеңири баяндалып, кызыктуу көнүгүүлөр менен толукталган.
12 сен 2024