Ушунчалык тунук , сезимтал аткаруу!!! Элмирбек байкенин ушул ырды жазып жаткандагы сезимдери жүрөктөн өтүп, көздөн жашты сууруп алат го чиркин . Аман бол иним, рахмат!!! Өнөрүң өркүндөй берсин. Даагы бөлөк ырлардын каверлерин , өзүңдүн жеке ырларыңды күтөм. + 1 күйөрман
*Аруузатым* Аруузатым, ай чырагым, аппагым, Сени көрүп мен тазара баштадым. Карегиңде жүргөн экен катылып, Качанкы бир мен жоготкон асманым. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбаска кеткенче. Карындашым, кагылайын, мага бир жолук. Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн, Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм. Өзүң менен айыкчудай сезилип, Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм. Кайырма: Тагдыр, мени каалагандай калчадың, Акың калса, алып бүтчү, чарчадым. Жаштык узап кете электе бир жолу, Жашоо берчи жашылындай арчанын. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Арман болуп дүнүйөм, Айрылганча сүйүүдөн. Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.
Автобуста кетип атып угуп, ырахаттанып кетип атам ,,на полная громкости коюп алып ,просто супппппер,,,молодец барам, ,удачи во всем !!!Чооооон рахмат!!!
Абдан сонун ырдаганын балам.Кудайым өмүрүнө ден соолугуна береке берсин. Аргендей үнүн ташкындай берсин.Аман бол.Мен 100 Жолдубай уктум окшойт балам менен кошо ырдап жаттап да алдым