Саламатсызбы Бурулкан эже!!! Бул ырды абдан сонун жазыптырсыз! Обону да сонун Кутман да Кудай берген ото таланттуу жигит эн мыкты аткарыптыр. Мен болгону бир жерин тушунбой жатам.Суйгон кызын жан досум деп жатабы?
Сагындым сизди сагынган менче болбосун, Сагыныч мыжып жүрөктүн эркин ңойбосун. Сагындым сизди күз түнөп калган жүзүнө, Мүнөзүү токтоо, күмүш чач менин, жан досум. Сагындым сизди энесин күткөн баладай, Сагындым сизди жашыңыз канча карабай. Күткөндөр күтөр, аз эле күтөр көп болсо, Менчелик сизди күтпөстүр эч ким жадабай. Ишиңиз татаал, Жараткан аны колдосун, Сүйгөндү билсе сүйүүдөн ээрийт коргошун. Сүйүүгө сизде убакыт жогун билсем да, Сагынып сизди, сагынып жүрөм, жан досум.
Кутман омурун узун болсун, ата апана рахмат, сендей уулду тарбиялап остургонуно. Аллахым жолунду ачык, уй булон м.н бактылуу жашоонду насип кылган болсун. Сыймыктанабыз. Сулуктудон Чолпон эжен
МаашааАллах !!! АЛЬХАМДУЛИЛЛАХ !!! Аллахым берген чыныгы тылынт .........Кутман уулум бир убакыт келип , ушундай мукам ун менен Жараткандын биз пенделерге жиберген Каты - Ыйык Куранды мыкты кыраат менен окуйт, деп тилек жана ниет кыламын , ИншааАллах !!! Чон эне.77 жаш .
Сагындым сизди сагынган менче болбосун, Сагыныч мыжып жүрөктүн эркин койбосун. Сагындым сизди күз түнөп калган жүзүнө, Мүнөзү токтоо күмүш чач менин жан досум
Азаматсын конур ундуу Кутман иним керемет аткаруу, омурлуу бактылуу бол ,унун эч качан очпосун ырынды кайра кайра уктум ,эн мыкты аткарыпсын соз жок ,дагы жакшы ырларды кутобуз бар бол!❤
Сыйлыгың кут болсун, Кут бала. Кыргыздын төкмөчүлүк өнөрүнө жакуттай жарык чачып, кутун арттырып, өмүр сапарың узак болсун. Төрт тарабы төп жорго, азамат акын. Өнөрүң өсө берсин, Кут бала.
Омурлуу бол коз тийбесин биз силерди суйобуз Манас жоунундо айтып суйундурдун озогубузду таанытып кайдыгер муздак жаштарды коргонду журок ооруйт , озунор ду угуп ушундай патриоттор келе жатканды коруп алп акын Элмирбектин эмгегин таалимин алдынар биз болсо кол тамга сын ала ала албай арманда калдым
Кутман азамат. Чыгармачылык ийгилик сага. Ар дайым ырдын авторлорун атап жүрөсүң. Бул ырдын автору таластык Сабатар Исаков, биздин айылдан, угуп, көрүп алып кубанып жатса керек.
Айланайын балам онорун оркундой берсин,соонун аткарыпсын. Кыргыз калкымдын маанайын которуп талыкпай ырдай бергин.Апандын жана эли журтумдун эрке баласы болуп журо бер.