Тёмный

Кыргызча минусовка караоке ӨМҮР тексти менен / Роза Шакирова 

Ыркесе
Подписаться 97 тыс.
Просмотров 1,1 млн
50% 1

🎵 К.Курманбаевдин сөзүнө жазылган А.Өзүбековдун "Өмүр" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
🎤РОЗА ШАКИРОВА - Өмүр ырынын үнү бар (плюс) варианты • РОЗА ШАКИРОВА - Өмүр -...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Роза Шакированын өздүк ютуб-каналы: / @rozashakirova
#ыркесе #кыргызча_караоке #РозаШакирова #Өмүр #yrkese
======================================================
-- "Өмүр" --
Сөзү: К.Курманбаев
Обону: А.Өзүбеков
Аткаруучу: Роза Шакирова
=================================
Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн ойноп-күл, ойноп-күл,
Өмүр өтсө, жаратылбайт, жаратылбайт кайрадан.
Оо, өмүр, сен чалкып жаткан көлдөйсүң,
Бирде өмүр салкын соккон желдейсиң.
Каалаганча пайдалана бергидей, бергидей,
Же өмүр сен колдо буюм, колдо буюм эмессиң.
Жаштыгым сен кайда калып баратат,
Өмүр өтсө ак чач кылып жаратат.
Арт жагынан ак жоолугун булгалап, булгалап,
Алыс калдың айланайын, айланайын бала чак.
Узунбу өмүр же кыскабы, ким билет?
Акыр бир күн сокпой калат бул жүрөк.
Сыйлашалы өмүр өтүп кеткенче, кеткенче,
Көңүл калуу өлүмдөн да, өлүмдөн да күчтүүрөөк.

Опубликовано:

 

1 окт 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 53   
Далее
OYUNCAK DİREKSİYON İLE ARABAYI SÜRDÜ 😱
00:16
Просмотров 2,7 млн
"Муңайба Адеми" ырынын тарыхы
18:20
Нурила- ырлар жыйнагы.
18:40
Просмотров 6 млн
Орук зарга кетели - КАРАОКЕ
3:53