Тёмный

Кыргыз элиндеги улуу сөздөр. Жазып жаттап алыңыз. Турмушта колдоносуз. 

Байбилим.медиа
Подписаться 56 тыс.
Просмотров 35 тыс.
50% 1

Колдо бар алтындын кадыры жок.
Кырсык каш менен кабактын ортосунда.
Чулдурдун тилин энеси билет.
Сөөгү жакшы сөктүрбөйт.
Сабырдын түбү сары алтын.
Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыкканн өрт жаман.
Алдыңа келсе атаңдын кунунан кеч.
Келин жаман эмес, келген жери жаман.
Алтын башың аман болсо, алтын аяктан суу ичерсиң.
Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
Жалкоо оозу менен орок оруп, көчүгү менен машак терет.
Жаман айтпай жакшы жок.
Чаап айтканча таап айт.
Ырыс оошот, акыл жугат.
Бирдин кесепети миңге тиет.
Уялбагандан өзүң уял.
Адепсизден алыс кач.
Ит сөөк жесе арты менен кеңешет.
Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
Баарына жагам деген эч кимге жакпайт.
Достуктун каны башка болсо да, жаны бир.
Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?
Ач болсоң, Алла де, ток болсоң тообо де.
Саламдашпай сөз сураба.
Өзөндүү сайга тал бүтөт, өлбөгөн жанга мал бүтөт.
Жан бар жерде каза бар.
Адамды бузган байлык менен бийлик.
Ар ким өз пейилинен табат.
Акыл жашта эмес, башта.
Уядан эмне көрсө, учканда ошону кылат.
Уяда жаткан жумуртка, асмандап учкан куш болот.
Балалуу үй - базар, баласыз үй -мазар.
Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаппайт.
Азаматты жаман деп, баатырды кайдан табасың.
Ар бир ийгиликке жеткен адамдын аркасында эне турат.
Атаңа эмне кылсаң, балаңдан ошону көрөсүң.
Өлүм менен конок айтып келбейт.
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
Акмактын адилеттүүлүгү алсыздын башына түшкөн мушкүл.
Ыйманы бардын - ырысы бар.
Ырысы бардын - ынтымагы бар.
Дүнүйөнүн түбүнө жетпейсиң, байлыкты көрүңө алып кетпейсиң.
Эки койдун башы бир казанда кайнбайт.
“Мен” күчөгөн жерде ынтымак, достук жана сүйүүнүн тамырына балта чабылат.

Опубликовано:

 

14 окт 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 27   
@Жыпары
@Жыпары Год назад
🎉🎉🎉сонун создор
@Ibadat-md3eb
@Ibadat-md3eb 7 месяцев назад
Азыркы конок айтып келет
@МусаИсраил
@МусаИсраил 20 дней назад
Туура айтып келет да туноп конуп кетпейт
@АзизаШаакеримова
@АзизаШаакеримова 3 года назад
Жашоомо пайдасы тиет чоң рахмат.
@Байбилим.медиа
@Байбилим.медиа 3 года назад
Сизге да рахмат!
@РысканМиндибаева-ы6щ
Бардыгы таамай айтылган создор экен
@МусаИсраил
@МусаИсраил 21 день назад
Опустили окууган мектептердин сабагына киргизгиле Азаматсын
@АтыргулТоктосунова
👍👍👍👍
@Мужик-ш9я
@Мужик-ш9я 3 года назад
Аллах ыраазы болсун
@Байбилим.медиа
@Байбилим.медиа 3 года назад
Сизден ыраазы болсун!
@ДианаЭгембердиева-я1р
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@АллахМухаммад-ж7э
@АллахМухаммад-ж7э 3 года назад
👍👍👍💐💐💐💐💐
@ГульзадаМайрамбекова-с2к
Мыкты создор болду билбегеним коп экен билип алдым
@Байбилим.медиа
@Байбилим.медиа 3 года назад
Кубанычтамын!
@ЖанараЖороева-е6ю
@ЖанараЖороева-е6ю 2 года назад
Мыкты соз акылга туура келет, кыргызыбыздын эн улуу муун тартиптери мин кылымдар бою очпосун АЛТЫН СЫЯ СОЗДОРУ.
@kuljamaleshimbekova3532
@kuljamaleshimbekova3532 Год назад
"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт"- деп айтылат. Кыялы жаман адамга карата айтылат.Сузушот,урушат деген маанини.
@Ibadat-md3eb
@Ibadat-md3eb 7 месяцев назад
Кээбир оолору катаа
@НуНур-м8ч
@НуНур-м8ч 3 года назад
Ата бабаларыбыз баарын эн туура айткан
@ТБТ-ж5о
@ТБТ-ж5о 2 года назад
Адамды байлык бийлик берип сына
@Байбилим.медиа
@Байбилим.медиа 2 года назад
туура
@ТаалайбекЖакыпов-л1ю
Кедейди тоонун устудо ит кабат десен туура болот (жаман)эмес
@КМЖ-ш2о
@КМЖ-ш2о 3 года назад
УФ
@ТагаевБектемирТагаев
Тезыраак суйл очу эзилбей
@ЖаркынайМусаева-с2с
Сен ошондой суйлой аласыңар?
@ЛвтиДвиин
@ЛвтиДвиин 10 месяцев назад
Эн тура соз
@МамбетАрапбаев
@МамбетАрапбаев 2 месяца назад
👍👍👍👍
Далее
Гүлжамал Туркманова
1:55