Ошол күнү кечинде ал абдан кызуу келди, апасы Гүлсана дабыш чыгарбай өз бөлмөсүнө алып кирди.
- Уят эмеспи, атаң укса эмне дейт ыя, адепсиз кыз болдуң го?
- Апа, мен бактысызмын, мени эч ким сүйбөйт, - деп сүйлөй берди Айзада.
- Сен ушинтип ичип, ээн баштык кылып жүрсөң ким сүйөт, үнүңдү чыгарбай жат, эртең сүйлөшөм, - деп Гүлсана бөлмөсүн жаап чыгып кетти. Атасынан бир аз айбыккан Айзада унчукпай жатып уктап калды. Эртең менен башы ооруп жатканда Гүлсана кирди:
- Тур, атаң чакырып жатат, маанилүү сөз бар дейт.
- Кандай сөз экен?
4 июн 2024