Тёмный

ЛЕГЕНДАРЛУУ МЫСКАЛ ӨМҮРКАНОВА!🗣 "АЛЫМКАН" 

DIL MAEK
Подписаться 1,9 тыс.
Просмотров 2,5 тыс.
50% 1

Арыбаңыздар замандаштарым!
Менин RU-vid каналыма катталыңыздар :)
Сиздерге пайдалуу тасмаларды, видео роликтерди бөлүшүп турам.
СТАЛИНДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН АЙТЫЛУУ "АЛЫМКАН" ыры!
Мыскал Өмүрканованын аткаруусунда!
Мыскал Өмүрканова - 20-кылымдагы кыргыз маданиятынын эң бир көрүнүктүү, жаркын жылдызы! Анын даңазалуу өмүрү ушу күнгө дейре эл оозунан түшпөй аңыз кеп болуп айтылып келет.
Мыскал Өмүрканова - Кыргыз ССРнин эл артисти, Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин кавалери жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болууга да жетишкен. 2015-жылы 100 жылдык мааракеси белгиленген. Ал эми 2025-жылы 110 жылдыгын белгилөө алдыда турат.
Сталинди үнү менен таң калтырган
Мыскал Өмүрканованын
ДАҢАЗАЛУУ ӨМҮРҮ...
Мыскал Өмүрканова 1915-жылы Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында туулган. Апасы төртүнчү ымыркайды төрөп жатып, кайтыш болот. Ошол учурда 14 жаштагы Мыскал сиңдилери Нускал менен Токонду кучактап алып, энесин жоктоп кошкон кошогу алигүнчө эл оозунда айтылып келет:
"Жети канат боз үйдү,
Жыя кармап капшырдың.
Жетиле элек жетимди,
Эми кимге тапшырдың?"
Бала чагынан өнөргө, көркөм сөзгө шыктуу болуп чоңойгон Мыскал 17 жашында Сагынаалы аттуу таланттуу жигитке баш кошот. Дал ушул күйөөсүнүн көмөгү менен ал комуз чертүүнү кыска убакытта мыкты өздөштүрүп, экөө эл аралап, эл оозуна алына башташат. Улуу Ата-Мекендик согуш бул үй-бүлөгө күйүт алып келет. Сагынаалы фронтко жиберилип, баатырларча курман болот.
1937-жылы Фрунзеде өткөн элдик таланттардын олимпиадасына чакырылып, "Ак толкун" элдик ырын аткарат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Москвада өтчү Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын 1-декадасына катышмак. Калыстар тобу аны кайра-кайра ырдатып: "Мыскал ырдап жатканда кантип дем алып жаткандыгын түшүнө албай койдук. Ал дем албай эле ырдап жаткандай сезилди" дешкен экен. Калыстар тобу Мыскалдын үнүн жактырып, Москвага жолдомо беришет.
1939-жылы СССРдин борбор калаасы Москвада Кыргыз ССРнин искусствосунун жана адабиятынын 1-декадасы өтөт. Тагыраагы, биринчи жолу кыргыз маданияты бүткүл Союздук деңгээлде таанылат. Он күн бою кыргыз элинин көркөм өнөрүн чагылдырган түрдүү концерт, спектакль, опера, балеттер жаңырат! Декаданын гала-концерти Кремль сарайынын чоң залында өтөт. Ага көрүүчү болуп СССРдин жетекчилери, коноктор, Москва шаарынын тургундары катышышат. Гала-концерт жагымдуу маанайда уланып, акыры кезеги келип, башында ак элечеги, турпатында жарашыктуу чапаны, колундагы комузу менен Мыскал Өмүрканова сахнага чыгат. Ал айтылуу Токтогулдун ашыгы Алымкан жөнүндөгү ырды аткарат. Коңур, мукам үнү менен "Алымканды" абдан созолонтуп, ырдап келатып 3-куплетиндеги:
Саркештеп сайган -ээ-ээ-ээ жоолугуң, -
деген сапты 5 мүнөткө чейин созот!
Бул өзгөчө талантка, өзгөчө үнгө таң калган Сталин биринчи ордунан тура калат, аны көрүп бүтүн жетекчилер, бүтүн зал козголуп, ыр бүткөнчө дүркүрөтө кол чаап турушат!
Гала-концерт өтө жогорку деңгээлде аяктагандан кийин, Кремль сарайында сый тамак уюштурулат. Сөздү Сталин өзү баштап: "Концерттин көркүн ачкан кыргыз элинин булбул үндүү айымы үчүн" деп тост көтөргөн дешет..
Көп өтпөй "Кыргыз ССРнин эл артисти" наамы берилет. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендеринин кавалери болот. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланат.
Мыскал Өмүрканова жөнүндө тасмалар тартылып, маектер алынат. Анын аткаруусунда 25 ыр кыргыз радиосунун алтын казынасына сакталат. Элге жетпей калган дагы бир таланты, анын композитор-обончулугу.
Төмөндө, Мыскал Өмүрканова апабыз созолонтуп аткарган дал ошол "Алымкан" ырынын тексти:
ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АЛЫМКАН
Атка салгап дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күнү оору, бир күн соо...
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейили жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!..
Кашкардып тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..
Саркештеп сайган жоолугуң,
Сар санаа кылат жоругуң,
Көккештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен "Жаш кыял"
Тыңдасаң боло, Алымкан,
Ак шайы жоолук колго алып
Булгасаң боло, Алымкан,
Аз күнчөлүк өмүрдө
Жыргасаң боло, Алымкан!..

Опубликовано:

 

12 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 12   
@almanalman3128
@almanalman3128 5 месяцев назад
Чыныгы талант энебиз толук оркестр ойноп жаткандай шандуу ырдап жатат
@АдамбайЖекшенов
@АдамбайЖекшенов 7 месяцев назад
Эх кандай сөзүн көз ирмемдер өлбөс өчпөс ырлардын бири Апабыз аткаруусу кандай Керемет мындай үн мындай талант бир келет экен
@user-qi4dc6gt1i
@user-qi4dc6gt1i Год назад
Ушундай ырды кыйналбай ырдап коюптур жандуу ун менен. Мына чыныгы талант❤❤❤
@user-rz9ld4fw4i
@user-rz9ld4fw4i Год назад
Журоктон ыйлатып жиберетко энекебиз❤❤❤❤
@user-jl4ni8kq3m
@user-jl4ni8kq3m Год назад
Азыркы эл артисти болуп жургон кээ бир ырчыларга угузуш керек да ырды
@user-fc3ub7wn1u
@user-fc3ub7wn1u Год назад
Мыкты, залкар инсан!
@user-jl4ni8kq3m
@user-jl4ni8kq3m Год назад
Кандай сонун ырдаган
@КабыланКокжал
@КабыланКокжал 8 месяцев назад
Сталин 1953 жылы дуйнодон откон . Анан кайдан журуп кол чаап атканын айтып атасын,ар .
@user-fp1cx6by9s
@user-fp1cx6by9s 5 месяцев назад
Ичин куйуп олуп атасынбы кыргыздын душманы кыргыз
@ГуляимИманалиева
@ГуляимИманалиева 4 месяца назад
​@@user-fp1cx6by9s Ал кыгыз эмес! Ал Ким экенин тушунгон жоксузбу? Илгертеден оч алып журушот арабызда..
@user-lv8pq4kj5t
@user-lv8pq4kj5t 4 месяца назад
Ойлонсон боло тууганым Сталин тура калып кол чапканын корбойсунорбу:
@user-wg1vs5xq2o
@user-wg1vs5xq2o 10 месяцев назад
❤❤❤❤ суйомда ушул ырды
Далее
Мыскал Омурканова- Алымкан!
4:00
ДЖЕФ  ЕЩЕ ПОМОГАЕТ!
09:37
Просмотров 271 тыс.
Decompress small game, have time to play it!
00:35
Пришёл к другу на ночёвку 😂
01:00
Мыскал Өмүрканова - Алымкан
4:01
Salamat Sadikova - Alymkan - Kyrgyz vocal music
7:32
ДЖЕФ  ЕЩЕ ПОМОГАЕТ!
09:37
Просмотров 271 тыс.