Тёмный

Лимон бизнесинин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү 

AgrarianPlatform
Подписаться 61
Просмотров 1,3 тыс.
50% 1

Тема: Лимон бизнесинин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү.
Конок: Ош шаарнын тургуну, жеке ишкер, Мухтар Хакимов.
Репортаж: Лимондун түптү мекени Түштүк Чыгыш Азия деп эсептелет, ал ошол жактан бара-бара батышка карай Жер Ортолук деңиздин боюндагы өлкөлөргө тараган. Лимон - дарагы мелүүн климатты жакшы көргөндүктөн, Аргентина, Италия, Мексика, Испания сыяктуу өлкөлөрдө, а түгүл Африка менен Азиянын айрым аймакатарында өсөт. Жетилип калган лимон дарыгы түрүнө өскөн жерине жараша бир жылдын ичинде болжол менен 200-1500гө чейин мөмө байлайт. Ал бир жылда бир нече жолу гүлдөгөндүктөн, жыл боюу түшүм берет. Лимон жылуулукту сүйүүчү цитрус өсүмдүгү. Бирок аны Кыргызстандын аймагында күнөс канада өстүрүп түшүм алып, пайда тапса болот. Бул бизнес Кыргызстанда өлкөнүн Түштүк аймактарында соңкү жылдары колго алына бащтады. Айтсак Баткен облусунун Бүргөндү өрөөнүндө акрырындык менен жакшы жолго коюлуп келе жатат. М: Жергиликтүү багбан Камбараалы Жороев он беш түп лимон дарагынан жүз миң сомдой киреше табууда. Учурда багбан быйылкы биринчи түшүмүн терип, дүң баада сатып жатат. Жороев жети жылдан бери күнөс канада лимон өстүрөт: мартта, апрельде гүлдөйт азыр бышып жатат, сентябрь, октябрь, ноябрь айларында. Он беш түп бир тонна болот. Бир түбүнөң 60-70кг туура келип жатат. Өзбекистандан алып келгенде айтышкан, бир түбүнөн 250кг чейин түшүм алса болот деп.
Камбараалы Жороев: Гүлдөп жатат кышта, жылуулук болгондо жок дегенде 15-20 градус болуп турса ушулар дагы мөмө байлайт эле. Күнөс канага жылуулук болсо дагы лимон алса болот. Мен даарылардан көбүнчө гуматты иштетем, жалбырагына, астына жана химиялык даарыларды бербейм.
Камбараалы Жороевдин чакан аянттан азыраак түйшүк менен эле киреше таап жатканын көргөн кошуналары да көчөт сурап алып, күнөс кана куруп жатышшат. Эми аймакта түшүмдүн көлөмү көбөйсө, борборго эле эмес чет жака дагы экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралат. Баткенде күнөс каналарда өстүргөн лимондун дүң баада бир кг 90-100сомдон сатылууда. Облустун аймагында жалпысынан 350дөй күнөс кана бар. Бул бизнеске кызыгып калган, Клара Молдокулова Чүй облусунун, Сокулук районундагы Кашка Суу баш айлына күнөс канага лимон тикти, андан бери бир жарым ай өткөн. Молдокулова буга чейин, помидор, бадыраң, эгип дыйканчылык кылып келген болсо ага салыштырмалуу лимонду кароо бир топ жеңил экенин билдирди. Клара Молдокулова: Азыр кышда. Он беш күндө бир жолу эле суугарылат. Жаңы отургузулган, бир семирткич бергенбиз, селитра. Февталь болгондо күн жылып баштаганда жандана баштайт. Ошун үчүн азырынча эч нерсе бериле элек.
Кыргызстанда күнөс кана иштеттүүгө кызыккандар көбөйүүдө, чакан күнөс канадан түшкөн каражат, кризис шартында үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше алып келген жакшы бизнес болууда.

Опубликовано:

 

29 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 3   
@НуржамалУсупжановна
Көчөт алам канчадан
@БекзатУмаров-м3е
@БекзатУмаров-м3е 4 года назад
Камбарали Жороев 0770 50 78 44
@nurmurzaev6366
@nurmurzaev6366 5 лет назад
Кочот Алам лимон 0777690908
Далее
Катаю тележки  🛒
08:48
Просмотров 515 тыс.
Кочот
49:27
Просмотров 358
Катаю тележки  🛒
08:48
Просмотров 515 тыс.