#атаэне #атаэнекадыры #мансуркубанычбеков #арслансадыбакасов #кыргызстан #ош #бишкек #жаңыыр #жаңыклип2024 #чуй #жалалабад #талас #баткен #нарын #хитырлар #тикток #жаныырлар #кыргызырлары #мирбекатабеков #нурланнасип #врек #тренды #хиты #китептой #бирадамданбиркитеп
"Ата-эне кадыры"
Сөзү: Мансур Кубанычбеков
Обону: Арслан Садыбакасов
Аранжировка: Арслан Садыбакасов
Бала болуп түшүнбөгөм,
Биз үчүн көп уйку көрбөй.
Балалыкты артка кайрып берсе мага,
Мүнөттү сенсиз өткөрбөйм.
Алыс кетип кабарымды билдирбегем,
Канча күнүм мен силерге азап бергем,
Убактылуу оюн-күлкү, жумуштар деп,
Алыстап калган экем мен.
Кечир ата, кечир апа уулуңду бүгүн,
Кечирилгис каталарым сездим, түшүндүм.
Кадырыңды билип эми турамын мына,
Тарбиялап уул кыздарымды мен өзүм.
Балдай таттуу сөздөрүмдү,
Кубантып сенин өзүңдү.
Аздык кылат билем, жанымды да берсем,
Арнаймын сага дүйнөмдү.
Силер бар бул жашоону мен сүйө берем,
Өмүрүң узун болсун деп тилей берем,
Бакыттын даамын татып өзүң менен,
Силер деп ырдай беремин.
1 апр 2024