Татыктуу тамга тандайм өзүңө, Тартылам кара-кара көзүңө. Кат сунган сайым неге калтырайм, Бир тиктеп жок дей салчу сезиле. Теңебейм теңдеши жок ай-күнгө, Арбылган айдындагы ал гүлгө. Күн батар, ай булутка жашынаар, Гүл бүтөөр күз келгенде ийиле. Кайырма: Кайталап баткым келбейт арманга, Кайрымсыз кылыңан айлага. Мен эми махабатта кайырчы Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам. Жамалың жасап алган жандайсың, Жарыктык жалган беле кандайсың. Кайталап жутсам дагы көркүңөн, Каниет кыла албаймын, канбаймын. Эриниң элпилдеген эркеси, Эсиме эрким кайрып бербестир. Сурабай сулуу сени түбөлүк, Сүйгөнүм мага күнөө эместир. Кайырма: Кайталап баткым келбейт арманга, Кайрымсыз кылыңан айлага. Мен эми махабатта кайырчы Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.
1988ж угуп аткандар барбы 2006 окуну бутуп аткан Кез эх жаштык Кез мин тип 36га чыгып калдык эх жаштык Кез ошентип ото берет экенда козго жаш келет алтындарым Аман болгула ким окуп атсада
Эээх менин жаштыгым,суйууум😢бугун атайын издеп кайра кайра кордум ушул ырды...жигитим мн машинада угууп кеткен элек 2009ж жаны жылда...азыр эки башка турмуштабыз
2009-2010 жылдар эле, Москвада новый арбатта Бегай эженин квартирасында жашачу элек, Акын ака,Адыл ака 2 Улан,Курманбек,Сыргайым,Элмира,Кылыч ака,Кубат ака,Бабы,Эркайым,Кундуз,Шербет эже,дагы мен тааныгандар ден соолукта болгула,сонун адамдар эле.Бакир ака
88 дин хити эле 😂ностальгия азыр мен 35 де жылуу жылмайуу мн эстейм жаштыгымды ,бир жолу эсимде Султандын концертинде кыздар чуркап чыгып,аншлаг кыздар толтура ошол кездеги биздин суйубузду ырдаган экен да 😢
2023-год время 03:09 кормлю ребёнка слушая эту песню, чтобы не уснуть(( а в своё время я была маленькой девочкой когда вышло эта песня. Время оно быстротечно