Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөнсанап жаңылгам, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм? А-а-ай, о-о-ой, Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып күн-түнү, Кимге барып өтүнөм? Таңшыгыча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Таба албайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. А-а-ай, о-о-ой, Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. А-а-ай, о-о-ой, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү. pesni.guru
👍🌹❤️укканда журокту эзген ыр. Ала тоону сагынып, алыста жургондор учун жазылгандай. Мирбек уну тембри бир озгочо да, журналист айым да абдан сонун ырдады, 👍🌹
Хороший холос, но как услышу его исполнение, сразу отображается перед глазами его фото во время переворота против Соке и становится как то неприязненно.Творческие люди должны быть далёки от политики.
Тан сыры. Созу:Аскар Исаевдики. Обону:Сардарбек Жумалиевдики. 1.Корушкончо коздорунон чагылган, Нурларынан курган кайран копуром. Бекемине кумон санап жанылган, Отуму жок болгонума окуном. Припев: Кимге барып куйутумду, Кимге айтып отуном. Аааа-аааа-аааа, Кимге барып куйутумду, Кимге айтып куну-туну. Кимге барып отуном. 2.Таншыганча табышмакту тан сыры, Тандап кеттин,таны салкын олкону. Таба албайм,кайрылгандан айт чынын, Артык бекен,башка жердин коркому. Припев: Арбалсан да бир келерсин, Ала-Тоону коргону. Аааааа-аааааа. Сагынганда бир келерсин, Саргайганда бир келерсин. Ала-Тоону коргону. 3.Кала берем мекенимде сени эстеп, Журсо экен деп,алыс жерде аман-соо. Отунорум,кокурогум элестеп, Жалын бурккон,ушкуругу жарар зоо(2 раза). Припев : Аааа-аааа-аааа. Жалын бурккон ушкуругу(2 раза) Жанырыгы жарар зоо. Кимге барып куйутумду, Кимге айтып куну-туну. Кимге барып отуном. Сагынганда бир келерсин, Саргайганда бир келерсин. Ала-Тоону коргону.
Казактар ковер кылып ырдап казактардын ыры деп талашып датышат бул ырды бул жакта ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-Z6RQUvE4A9s.htmlsi=EDpcOSUfVqtK1MZf