Кандай гана керемет кайрыктар!!! Койгойум болуп озгочо. Козумдон туздуу суу агат. Кандай кайран таланттар аттин! Кылымдан бир жаралат. Оз козум менен корбодум. Окуучусу болуп журбодум. Комуздун куусун уйронуп аттин! Куусун улантып журбодум.
Таланттуу адамдардын ааламы башка ,ошон учун аларга озгочо жондом берилет.Нурак агабыз керемет таланттын ээси ,ошол талантты куто билген ,элине сонун мурастарды калтырган ,улуттук онордун осушуно чон салым кошкон адам .Ал эми анын жеке турмушун билип-билбей талкуулоо адепсиздик ,укугубуз да жок ,ото окунучтуусу эрте отуп кеткени ,бирок кыргыз элинин эсинде туболук сакталат.
Бул кишинин тили.таза жүрөгүндө кирижог азыркы малда.бундай.киши жог.булардын сүйүүсү таза болчу азыркы сүйүү..сүйүү .мес сиздин очбойт.кыргыздын тарыхында калдыңыз очбос жылдыз болуп жаткан жериңиз жайлуу болсун топураныз .торкол.болсун. Нураг. Агай
Бул Дүйнө Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген, Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген. Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен, А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген, Туңгуюкка кептеген. Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай, Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай. Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай, Жаман адат күтөбүз - көр оокатты жыйнамай, Кара жанды кыйнамай. Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар, Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар. Адамзаттын ушулар убалына калчулар, Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар, Акыр заман салчулар. Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы, Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы. Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы, Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы, Эркин ойноп жыргайлы. Өткөн өмүр - качкан куш, канаттары дилдиреп, Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт. Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк, Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет, Бакыт канча ким билет. Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң, Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң. Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң, Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң, Качырганда билерсиң. Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө, Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө. Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө, Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө, Дайым сулуу бул дүйнө. Жашоо - деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай, Минут санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай. Биз - кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай, Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай, Бактыбызды байлабай. Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң, Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң. Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң, Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, Миң жашасаң тойбойсуң.
7 балалуу болгуча эмне кылып журду анан,биринчи аял биринчи.Экинчи аял ак кийиз.Мейли эле 2,3 баласын таштап аппак суйуу издесе.Олуп кетти деп эле мактай бериш керекпи.Мага биринчи аялы анан 7 баласы жалко.