Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын, Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын. Жер жапжашыл мен турамын сумсайып, Жазда неге келбей койдуң кымбатым. Жазда неге келбей койдуң кымбатым Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын, Жай чыгарып табигаттын сымбатын. Көл аралап кутуп журсом жолуңда Жайда неге келбей койдуң кымбатым. Жайда неге келбей койдуң кымбатым Эки жүрөк бирин бири тындасын, Эзилишип элжирешип жыргасын. Керемет бар сенде кышты жаз кылар Кышта неге келбей койдуң кымбатым. Кышта неге келбей койдуң кымбатым Келчи келчи келер болсон кымбатым