Балбан Орозобек Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмакта биринчи беттешинде өзбекстандык Зафарбек Отахоновду 6:3 эсебинде артта калтырса, кийинки кармашында казакстандык Женгиз Каныбековду 6:2 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда монголиялык Батбаяр Бацухду 11:0 ири эсебинде жеңип финалга чыккан. Анда индиялык Джейдип аттуу спортчуну жеңип 23-жашка чейинкилер арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.
29 июн 2024