Махдуми Азам - Мухаммед (С.А.В.) пайгамбарбыздын түз урпагы. Ал 1461-жылы Фергана өрөөнүндөгү Касан шаарында туулган. Жаш кезинде Ташкенттеги атактуу медреседе окуп, Орто Азиядагы накшбандинин көрүнүктүү өкүлү Хожа Ахрардын муриди болгон. Ал өлгөндөн кийин Маулана Мухаммад Казынын шакирти, кийинчерээк накшбандилердин устаты болгон.
Өз доорунун көптөгөн атактуу адамдары, анын ичинде өкүмдарлар Махдуми Азамды өздөрүнүн руханий насаатчысы катары эсептешкен.
Шайх Зуннун Валий Куддусий - лакаб аты “Юмолок Шайх”. Пайгамбарыбыздын түз урпагы жана ошол кезде олуялардын башчысы.
17 июн 2024