Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 5 жылдык мөөнөтүнүн жарымынан көбүн басып өттү. Бул аралыкта парламенттин эркин сынаган бир катар саясий окуялар болуп, талаштуу мыйзамдар да кабыл алынды. Ал окуяларда парламент пассивдүү ролдо болуп, көпчүлүк учурда аткаруу бийлигинин көзүн карап калганы айтылып келет. Ошол эле учурда Кыргызстанда президенттик башкаруу өкүм сүрүп жатканын, андыктан парламенттин бүгүнкү абалы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айткандар да бар. Бир учурда парламентаризмди курууга аракет кылган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө Кыргызстандын азыркы Жогорку Кеңеши кандай абалда? Бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн кандай таасир тийгизет?
Ушул суроого “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Абакиров, Акбөкөн Таштанбеков, укук коргоочу, юрист Таттыбүбү Эргешбаева жана публицист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев катышат.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -ru-vid.com/show-UCs_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
16 апр 2024