Алыстан келсем сага кусаланып, Айылымдан кетиптирсиң узап алыс. Арнаган гүлдүн сага бариктери, Алдымда турду түшүп ушаланып. Кайырма: Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, Жоругуңду жазчу элем айдан алып. Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. Артыңдан барсам издеп кабар алып, Алдымдан чыктың капыс балаңды алып. Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп, Амандык сурашканга жарабадык. Кайырма: Жол жок эми өзүмдү куткарууга, Жакшы болбойт турмушуң бузганымда. Жооткотуп өзүмдү койдум алдап, Жолдошуңду жакшы деп укканымда. Кайырма:
Койгула эми кыздар, коздогу жаштарды аарчыйлы дагы оокатыбызды кылалы. 😄 Кудай кошкон жолдошторубуз мн эле аман эсен, балдарыбыз болуп бактылуулукта жашайлы. Откон отту,кетти...
Эээх!! Ушул ырды уксам, коз алдыма жаш тегеренет. Азыр журсон керек кимдир бирого эркелеп,кадырына жетсе да жетпесе да бактылуу болчу.Бир омур бутпос жаракат калтырып кеткенине туптура 8 жыл болуптур, кана эми башкасында сендей жактыра алсам.
Ал сүйүүлөр жүрөктүн түпкүрүндө калып кете берет экен, бир айыкпас жара болуп. Биз аларга бакыт тилегенден башка эмне кылмакпыз. Аллахтын буйругу экен. Сабырдуу болуңуз.
Чыныгы сүйүүгө бир гана Аллах татыктуу! Мындай нерсе биздин башыбыздан өткөн. Биз болбогон бир макулукту жүрөгүбүзгө киргизип алат экенбиз, өкүнүчтүүсү биз аларды эстеп кайгырсак да алар бизди эстеп койбойт эч качан көңүлү жок болгондуктан.
Клиптеги кичинекей баланы мен баккамын,нянясы болчумун,азыр чоң жигит болуп калды,😊клип сонун болгон,ырда вообще сөз жок,Сыймык аганын ырлары менен чоңойдук,азыр да сүйүп угам!
«Артынан барсам издеп кабар алып, алдыман чыктын капыс баланды алып» 😢. «Жооткотуп озумду койдум алдып, Жолдошунду жакшы деп укканымда». Суйгонунон айрылып журогу канаган инсан гана тушунот 😢😢😢
Менинда суйум ушундай болгон Наргиза окобуз 6 жыл суйлоштук чын суйушкондор бири бирине жетпейт деген чын экен мен армия кеткенде турмушка чыгып кеткен.армияга кеттип бара жатканда берген кичинекей суротун ар дайым жанымда сени сагынып кун сайын карап турам ар дайым эстейм.Бактылуу бол менин суйгонум Наргиза
Чыныгы сүйүү ар бир адамдын башына келет болгону ошол учурда кадырына жете билүү керек !!! Бирок айла канча мен сүйгөн менен пайда жок эң башкысы кайда болсо да аман болуп келечектеги кең болсун
Эх 😢 Сүйүү!! Айзат эмне үчүн дагы деле жүрөгүмдөн чыкпайсын! Арадан 5жыл өтсө да жүрөгүм башка адамды көрбөй койду!! Сен да мени эстейт бекенсин😢😢!! Ушунчалык сени катуу сүйгөмүн!!
Убакыт учкан куш экен, байкем машиынасына С. Бейшекеевдин, Б. Борбиевдин ырларын коюуп алып журо берсе жиндей берчу элем жашынакай жаштардын ырларын укпайбы деп улум-улам жылдар отуп жашын чонойгон сайын ырдын маанисине карап угуп калат экенсин. С. Бейшекеевдин ырларынын мааниси ото терен, азаматсыз сизден дагы жакшы чыгармаларды кутуп, угуп журо беребиз...
Сыймык өмүрлүү бактылуу бол! Чыгармачылык ийгилик, денсоолук каалаймын! АЛЛАХЫМ колдоп жөлөп жүрсүн сени! Кыргыз Эли сени менен сыймыктанабыз! Бар бол аман бол үйбүлөөң менен! 👍👍👍👏👏👏🌷🌷🌷
Суйуу деген сонун ээ.сагынуу,ойунда жалгыз ошол гана адам.суротун коргондон тажабайсын.жазган каттарын кайра кайра окуй бересиң.канча адамдар болсо да арасынан суйгон адамын гана көзүнө илинет.
Мен ушул ырды аябай угам чын суйгөндөр бирге болушпайт экен мен деле 2 жыл сүйлөшкөн жигитиме эмес башка тийгем бирок ал адамды унутпадым ал да мени унутпаса керек бактылуу болсун чын сүйгөндөр бирге болушсунчу ❤
Суйуу эч качан очпойт анткени ал журокто жашайт сен аны менен бирге болушунду болбошунду билсен дагы сагынып суйо бересин Бари бир алгач суйуун журокто калат эч ким билбеген сыр болуп мен дагы оз суйуумо жеткен эмесмин
😍😍😍😍жомоктогу суйууну пайдаланып Жоругунду жазчу элем айдан алып Жол боюнда ыйлаарын билбептирмин Жоолугунду кыйшайтып байлап алып🤗🤗🤗🤗ээхх эч кимдин тагдырына жазылбасын😔
Мен дагы ушинтип жигитимди кутуп журуп башка адамга турмушка чыгып кеткем ушул ыр бизге арналгандай канча жолу келди артыман бирок кеч болуп калган аттин жашоом башка мн болсода аны унуткан жокмун бир минут
Суйуунун кадырын жетпеген жан билет оорунун кадырын ооруган жан билет ырларыныз баары таасирлуу Сыймык акага бекем ден соолук уй булоолук бакыт каалаймын булбулдай унунуз очпой ырларыныз космосто жанырырып турсун
Эх ушул клипти корсом ыйлагым келет менин чын суйгонумдуда ушинтип алып кеткен эле мен айылда ал бишкекте эле укканда ыйлаган бойдон калгам азыр да жакшы кором арадан убакыт отсо дагы унуткан жокмун аны алтыным десе
Армиядан келип кызга жолугуп калгандагы баланын көзү бир кылымдык арманды 2-3 секундда кызга айтып берип жаткандай көздөр менен карады го🥺🥺 жүрөгүм ооруп кетти
Башка суйгонун мн жолугуп бир аз болсо да жыргап ал, Бул жашоо го бир келесин бир кетесин эртен эле картайып кетсен болду уже кеч, озун учун да жаша да бир аз убакыт болсо да