Өзбекстандын Жизак областынын Бахмал районунун «Кожо кыштак» айылынан Кыргызстандын Чуй областынын Беловодскийине көчүп келишкен Мухаммед САВ пайгамбарыбыздын үй булөө мүчөлөрүнө атайын күбөлүктөрдү берүү иш-чарасы болуп өттү. Документтерди тапшыруу учурунда «Орто Азиядагы Сайиддер» уюмунун негиздөөчүсү Сайид Умар Олмасханов алардын тарыхы ар тараптуу иликтенип, толугу менен такталганын билдирди.
Ыйык Рамазан айында атайын күбөлүктөрдү алышып, кубанып турган сайиддердин бири Нуридин Азимов 10 жылдан ашык убакыттан бери ата-бабаларынын тарыхын тактап бере турган жактарды издеп келген. Алар жашаган «Кожо кыштак» айылындагы жергиликтүү эл да аларды пайгамбарыбыздын урпактарынан экендигин айтышып, билип келишкен. Бирок аны расмий тастыктоо учун кайда кайрыларын билишкен эмес.
21 авг 2024