«Саиддер маркази» жарыя кылат!
«Борбор Азия Саиддер» уюму пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В)дын урпактарынын оздукторун тактоо иштерин улантууда. Күбөлүк алуу үчүн арыз менен кайрылгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Айта кетүүчү маанилүү жагдай, бир канча кылымдар бою эл ичинде өздөрүн Саиддербиз, Төрөлөрбүз жана Кожолорбуз дегендердин көпчүлүгү учурда комиссиянын иликтөөсүнөн өтпөй калууда. Алар Пайгамбарыбыз (С.А.В)дын үй бүлөөсүнө тийешеси жок, арабдардын башка урууларынан болуп чыгууда.
Ошондуктан «Борбор Азия Саиддер» маркази жарыя кылат!. Колунда күбөлүгү жок болсо, ал эч кандай «Саид» эмес жана Пайгамбарыбыз (С.А.В)дын үй-бүлөөсүнө тиешеси жок экенин айтып кетебиз!.
Саиддерге күбөлүктөр менен бирге шахаада насаб берилет. Анда Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (С.А.В) га чейинки аталары жазылып, 3 мөөр менен бекитилет. Биринчи мөөр «Борбор Азия Саиддер» марказынын мөөрү, экинчиси борбордун жетекчиси Саид Умар Олмасхановдун жеке мөөрү, үчүнчүсү Мекка Накабаси комиссия тобунун мөөрү болот.
21 авг 2024