Мен ушул ыр чыккандан бери угуп келемин.Эч тажабаймын ушул ырды уккандан,тескерисинче уккан сайын кайтып уккум келет негедир.Бугунку кунго чейин угам.Бир укканда кайталап 5 6 жолу угуп аламын.Бактылуу бол Сайкал.
Кой дебедим жөнү жок шашсаң да, шылтоолоп качсаң да. Кой дебедим кайрылбай кетсең да, азапты чексем да. Ой тилегим чачылды сыздадым, арманда ыйладым. Кой дебедим калтырып көңүлүңдү, кайгыга салсаң да. [Кайырма] Сүйүүгө ишенем, Мен үчүн барсың ар дайым. Жүрөктү ээлеп сен, Түбөлүккө эсте калдың. Махабат кайдасың, ак сүйүүм, Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен. Сүйүүгө ишенем, Мен үчүн барсың ар дайым. Жүрөктү ээлеп сен, Түбөлүккө эсте калдың. Махабат кайдасың, ак сүйүүм, Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен. Кел дебедим сагындым өзүңдү, самадым көзүңдү. Кел дебедим, зар кылдың көңүлдү, саргайтып сезимди. Кел дебедим көрүнбөй жолумдан, кетпедиң оюмдан. Кел дебедим, ууланды жүрөгүм, уурдалды тилегим
Эң сонун ыр! Азаматсың Сайкал! Уккан сайын уккуң келе берет. Ырдын сөзү да маанилүү, обону да аябай сонун жагымдуу.Гульшайыр эжебизге чоң таазим, ушундай сонун ырларды, күүлөрдү жаратып келе жатканына.Гүлшайыр эже сизге ден соолук, ушундай жагымдуу ырларды, күүлөрдү дагы эле болсо жарата бериңиз !
Илгери жон эле жаш кыз жакшы клип жакшы ун жакшы обон берилип кайгырып ырдап койсо уга берет экен элек азыр эми созуно да бир аз маани берип угуп аа деп калат экенбиз жаш отуп бул ыр чыкканда Сайкал озуда маани койбой эле ырдап койсо керек а😂