Жылдыздай жанып келген, Жаркыган жарык белен. Жылмайган жылуу жүзүн, Жүрөкту эзип келген. Жанымда оттой жанып, Жылуулук берген элен... Жан дүйнөм сыздап жатты, Кызарып күнүм батты. Жаш жүрөк жараланып, Сезилбей тандар атты, Жалындап ырлар жазып, Караймын сен тарапты, Караймын сен тарапты... Сезилбей мен ичимден, Сүйөм деп кайталадым. Сага арнап ырлар жаздым, Аны да байкабадын... Сүйүсүн мен албадым, Сени деп канчалардын... Сагынып сени күндө, Атынды кайталадым... Саргайдым жалбырактай, Күздөгу бак дарактын, Сен менен бактылуумун деп, Аттин ай айталбадым, Аттин ай айталбадым...