«Орто Азиядагы Сайиддер» уюмунун жетекчиси Саид Умар Олмасханов жана аталган уюмдун Мекке шаарындагы сайиддердин санжыраларын иликтеп, өздүктөрүн тактоочу комиссиянын башчысы доктор Саид Абдурразак аль-Хусейни, аль-Шариф Өзбекстандын Термез шаарына иш-сапары менен барышты.
Аларга ал жерден Термез мамлекеттик университетинин илимпозу Джалалиддин Мирзаев баш болгон жамаат кошулуп, Султан-Саадат комплексине бет алышты. Анын башкы максаты ата-бабаларынын кабырын зыярат кылуу менен эстелик тактайын орнотуу болду.
Султан Саодат - Өзбекстандын Термез шаарынын чыгыш тарабындагы мемориалдык, архитектуралык комплекс.
10-17-кылымдарда пайда болгон Султан-Саодат комплекси Термез башкаруучулары болгон Сайиддердин таасирдүү династиясынын мүрзөсү. Ал эми Сайиддер - суйуктуу Мухаммед (С.А.В) пайгамбарыбыздын түздөн-түз урпактары.
Тарыхый булактарда, Термездик сейиддердин үй-бүлөсүнүн негиздөөчүсү пайгамбарбыздын небереси Имам Хусейндин сегизинчи муунунун өкүлү Хасан-аль-Эмир болгон. Комплекстин түндүк четиндеги мавзолейде анын кабыры жайгашкан. Султан Саадат- “Саиддердин Султаны” деген да аталышка ээ.
21 авг 2024