Тёмный
No video :(

Тирилүү - АКБАР Кубанычбеков жаңы ыр 

Акбар Кубанычбеков
Подписаться 20 тыс.
Просмотров 22 тыс.
50% 1

Өлүп бара жаткан жан дүйнөнү тирилткен бири гана жакшы сөз. Тирүүлөрдүн өлүгү болгончо, Өлгөндөрдүн тирүүсү бол… Жаңы ырымды сиздин назарыңызга тартуулайм. Толук текст ⬇️
ТИРИЛҮҮ
Жүрсө болду куу кекиртек майланып…
Көздөр тойбойт берсең дагы айды алып.
Адамдыкты көмүп салып жүрөбүз,
Тирүүлөрдүн өлүгүнө айланып!
Чыга албай чыр дүйнөнүн ичинен,
Напсиң сүйлөп кайтпай келет күчүнөн.
Жалганга да, чындыкка да баары бир,
Көбөйүүдө өлгөн жандар ичинен.
Кыйкым издеп, катасын таап башканын,
Жашап жүргөн аркасында “масканын”.
Өзүн бузуп, өзгөнү да куруткан,
Өлүк коомдон өзүңдү-өзүң сактагын!
Таппачудай курсак үчүн жарты нан…
Топ тыйындын тоголондук артынан.
Жалган наамга саткан арын-абийирин,
Жийиркеничтүү атактуулар тантыган.
Эске салып опулдаган “болушту”,
Костюм кийип, катуу салып добушту,
Акылмандар кеп салышкан ордого,
Акыл айткан акылсыздар толушту.
Көргөн сайын каңырыгым түтөмөй,
Кеп түшүнбөйт айтсаң кыйыр, тикелей,
Кошоматчы - жети жүздүү, ушакчы,
Кирип алган жан дүйнөңө митедей.
Өзүнүкүн бербейт какшап, өлсө да,
Таштай каткан бүт чындыкты көрсө да.
Акыретти жомок деген жандар бар,
Сабак албай бирин-бири көмсө да.
Жан дүйнөнү баратабыз жаралап,
Жашообузду бүтүн койдук паралап.
Алты саны аман туруп - кайырчы,
Толуп жүрөт көчөлөрдү аралап.
Жылтыр-жултур калбайт жерди байралып,
Жалп өчөбүз мокоп кээде кайралып.
Асыл жандар арабыздан кетүүдө,
Өлгөндөрдүн тирүүсүнө айланып…
Тирүүлүктө келбейт сенден түңүлгүм…
Ырым жетсе, сен тирүүсүң, сүйүнгүн.
Аз өмүрдө абийириңди өлтүрбөй,
Адам болгун!
Бүгүн!
Азыр!
ТИРИЛГИН!!!
Акбар Кубанычбеков

Опубликовано:

 

20 авг 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 36   
@azamattalantbekov2670
@azamattalantbekov2670 Год назад
Акбар байке ырларыңыз азыр кыргызга, өзгөчө мигранттарга аба менен суудай керек болуп турат, түшүнөм убакыт тар, бирок ошого карабастан элдин көксөөсүн кандырып жок дебесе бир жумада бирден чыгарып турсаңыз абдан соонун болот эле, сиздей инсандар бар үчүн дүйнө кармалып турса керек, ийгиликтер коштосун...
@Turgunbay_Allakulov
@Turgunbay_Allakulov 4 месяца назад
Бар бол залкар акын, талантың ташкындай берсин 🤲
@user-sg4zs7tn5b
@user-sg4zs7tn5b 10 дней назад
Азыркы замандын ачуу чындыгы айтылган экен,мааниси өтө күчтүү түшүнгөнгө, жүрөктөн чыккан ыр, жүрөккө жетет да, азаматсың Акбар балам,уланта бер, эң сонун жазасын!!!
@user-ks3nb3sw5e
@user-ks3nb3sw5e 2 месяца назад
Акбар иним талантына таазим омурун Узун болсун жаман тил жаман создордон алыс бол иним
@user-pl7lg8nl5i
@user-pl7lg8nl5i 3 месяца назад
❤Сонун Аллахым ыраазы болсун. МАА ШАА АЛЛАХ
@user-do2je4un3f
@user-do2je4un3f Год назад
Ырларында чындык бар ,Акбар Кубанычбеков омурунуз узуун болсун Аллахым колдосун.
@botcomputer5390
@botcomputer5390 3 месяца назад
Ушул майланышкан куу кекиртектер акырындык менен чекесинен ордун таба башташты окшойт Мурункудай кекиртектери майланышпай арманда калышты го Келме кезек, терме тезек дегендей!❤❤❤❤❤❤❤
@user-mc9jy1pe5x
@user-mc9jy1pe5x 3 месяца назад
Маа шаа Аллах 👍👍👍
@akinaitilekmatova950
@akinaitilekmatova950 7 месяцев назад
Азамат, калемин курчуй берсин!👍👍
@user-no5ld1iy9d
@user-no5ld1iy9d 6 месяцев назад
Кандай гана керемет создор
@soltotalas
@soltotalas Год назад
Сонун. Калемин мындан дагы курчуй берсин!!!
@user-ki1hp7nw2b
@user-ki1hp7nw2b Год назад
Ырым жетсе Сен тирүүсүң сүйүнгүн.
@botcomputer5390
@botcomputer5390 3 месяца назад
Жакшылыктарды кобуроок айталы Айтылган соз атылган ок дегендей, созубузго кобуроок жакшы нерселерди кошуп суйлойлу Ар кимиюиз озубуздон баштасак деп тушуномун
@botcomputer5390
@botcomputer5390 Год назад
Бетине маска кийген акылсыздар ордун билсин да, акылдуулар башын жерге койбой жогору кармашсын дейли Ыраазычылык билдиребиз!!!
@gulbubu1432
@gulbubu1432 6 месяцев назад
Керемет Азаматтар Аллах колдосун
@user-xu9jb8ko5v
@user-xu9jb8ko5v 5 месяцев назад
Укмуш , бар бол акын иним !
@Baktybek-moldokerimov.
@Baktybek-moldokerimov. Год назад
Кучтуу!
@user-ov7ll3tg4k
@user-ov7ll3tg4k 9 месяцев назад
Акбар иним сага таащим🎉
@ularbek75
@ularbek75 11 месяцев назад
Соз жок талантына таазим дагыда жаза бер Акбар калемин мокобосун сен болоксун Кыргызстанда канча тарыхта кала турган адам болсо ошолордун бири сенсин
@user-lf3hq9vb7r
@user-lf3hq9vb7r Год назад
Сонун
@user-dt6xv2rh4x
@user-dt6xv2rh4x Год назад
🔥🔥🔥
@user-ul5th7fe5d
@user-ul5th7fe5d 10 месяцев назад
АЗАМАТСЫН! КАЛАМГЕРИМ АЗАМАТСЫН! ЫРДЫН САПТАРЫ МАЗМУУНУ ӨТӨ КҮЧТҮҮ.
@user-ov7ll3tg4k
@user-ov7ll3tg4k 9 месяцев назад
Мен угуп ыйлап отурам маанисине 😮😢
@nurizabakhtiar9784
@nurizabakhtiar9784 Год назад
🎉🎯
@user-ig8xw4zc2y
@user-ig8xw4zc2y Год назад
Азаматсың Акбар , мен да поэзия куйорманымын , ырларың эң сонун 👍
@user-pn7bj3te3e
@user-pn7bj3te3e 2 месяца назад
❤❤❤
@user-xk6ux2xv8k
@user-xk6ux2xv8k 6 месяцев назад
Неге чынчыл туз жупуну кийинген жоо адамды баалабай турган Кун 😵‍💫келди 😮
@user-hk9ih1jx8s
@user-hk9ih1jx8s Год назад
Тирүү окшойм😊 мааниси терең жазылган ыр , калемиң талыбасын!
@user-ox4uk9ub7z
@user-ox4uk9ub7z Год назад
Илимине илим кошсун Аллахым.
@user-or6vn2xp4t
@user-or6vn2xp4t 11 месяцев назад
Аллоху акбар
@silkroad7728
@silkroad7728 Год назад
💜💜💜🌌🌍💌💫
@user-vi2zs7mo7i
@user-vi2zs7mo7i 7 месяцев назад
Ыр деп ушуну айт
@user-tg6zn7ud5z
@user-tg6zn7ud5z 9 месяцев назад
Кантип байланышса болот?
@user-on7cu7xh4d
@user-on7cu7xh4d 4 месяца назад
Алыкул Осмонов, Тургунбай Эргешов, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Байдылда Сарногоев, Азаада Бегимкула ж.б. классик акындардай акындар жок, азыркы жаш акындарда.
@user-kb8gh9zv9n
@user-kb8gh9zv9n 11 месяцев назад
❤❤❤
@gotovte_legko_i_prosto
@gotovte_legko_i_prosto Год назад
🔥🔥🔥🔥🔥
Далее
Акбар Кубанычбеков - Корком
4:39
ЛИЗА - СПАСАТЕЛЬ😍😍😍
00:25
Просмотров 1,8 млн
Rusiya Prezidenti Vladimir Putin Bakıdadır
00:32
Просмотров 273 тыс.
Fake Horse Tries to Blend in with Pack of Horses
00:19
Акбар Кубанычбеков - Корком
5:03
Акбар Кубанычбеков-Көл муңу
2:53
ЛИЗА - СПАСАТЕЛЬ😍😍😍
00:25
Просмотров 1,8 млн