Тёмный

Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official Audio) 

Токтобек Асаналиев
Подписаться 7 тыс.
Просмотров 80 тыс.
50% 1

Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/saadatym
Follow Toktobek Asanaliev:
toktobek_asanal...
profile.php?...
Саадатым
Сөзү: Жылдызбек Алыбаев
Обону: Токтобек Асаналиев
Сүйдүм, мен сени кааладым,
Сезимди ыйык бааладым.
Сан сулуу кыздын ичинен,
Сүйүүмдү сага арнадым.
Суйкайган сулуу маралдай
Сүйгөнүм сенсиң, Саадатым.
Ашыктык отун тутантып,
Ансайын күндө күч алып.
Ак куу бир болуп көлдөгү,
Алдымдан өтсөң суналып.
Армансыз өтөр бул жашоо,
Ак сүйүүм кетсе уланып.
Ааламдан издеп таба албас,
Адамдан сиздей жаралбас.
Ашыгын сыздап үн созот,
Антпесе сизге бара албас.
Ак куу бир болдуң, Саадатым,
Ак шумкар оңой ала албас.
Дегдеттиң мынча дүйнөдө,
Деги эле сен деп сүйлөбө.
Дендароо болдум сен үчүн,
Демиме муздак үйлөбө.
Добушуң чыкса сүйөм деп,
Доом жок жарык дүйнөгө, ээй.
Ат-Башымдын төрүндөй,
Арпанын Чатыр-Көлүндөй.
Арманда жүргөн Токоңду,
Азаптуу ойдон бөлүнбөй.
Аздектеп алчу өзүңсүң,
Ак шумкар кылып өкүнбөй.
Туурасын айтам сөзүмдүн,
Тапканым сенсиң өзүмдүн.
Турмушту бирге уласак,
Таттуусу болор өмүрдүн.
Теңирге айтам ырахмат,
Тазасы болчу көңүлдүн.
Татынам Саадат, алтыным,
Теңим сен жалгыз өзүмдүн.
Ырларым чыгып сен менен,
Ышкылуу жаштык дем менен.
Ыйманың артык башкача,
Ырыстуу затсың пендеден.
Ышкыдар сендей сулууну,
Ырдабай койчу мен белем.
Мен үчүн бийик сен болдуң,
Махабат дайра сел болдуң
Муңканып канча күн өттү.
Муңайтпас күлкү, бел болдуң.
Меңи бар сулуу кыздардан,
Мен үчүн жалгыз гүл болдуң.
Миң сырдуу жалган дүйнөдө,
Мен менен Саадат бир болгун.

Видеоклипы

Опубликовано:

 

19 ноя 2023

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 31   
@user-be8mf5gt7m
@user-be8mf5gt7m 2 месяца назад
Токтобек кудайым Берген сага тунуук унду кыргыз ырларды жеткире ырдайсын жүрөккө үнүн бийликке чыга берсин иним.
@user-sq5sd5cs6t
@user-sq5sd5cs6t Месяц назад
Ырдын маанисин карачы кайра кайра уга турган экен
@user-xw3kx1vf4e
@user-xw3kx1vf4e 4 месяца назад
Алтын замандашым Токо Элмиштин досу.аиан бол кара жаным.кеикпесек да силердей залкарлар мн замандаш болгонго кудайга мин шугур.аман болгула жаркылдактар
@user-kq5sz3ip9w
@user-kq5sz3ip9w 6 месяцев назад
Баракелде Токо! Женемдин ысымынын ар бир тамгасынан ырдапсың! СААДАТЫМ👍👍👍
@OmurbekBaktybekuulu-rv7ht
@OmurbekBaktybekuulu-rv7ht 7 месяцев назад
Ырдын обону,ырчынын үнү өтө сонун мыкты👍🔥🔥
@ermekkyrgyzbaev6931
@ermekkyrgyzbaev6931 2 месяца назад
❤️❤️❤️🎼🎼🎼👍🏻👍🏻👍🏻
@user-qh6zl2yh4e
@user-qh6zl2yh4e 6 месяцев назад
Менин атымда Саадат! Айабай жагымдуу болду 😊сонун ыр экен.👍
@user-pw1vx6yl2k
@user-pw1vx6yl2k 7 месяцев назад
Ыр эмес бекен 21 кылымдын Токосу даа Бар болунуз журоктон чыкан ыр журокко жетиптир
@cholponkalibek1698
@cholponkalibek1698 3 месяца назад
УШУЛ ырды куттум эле. Классный голос❤
@user-zh5oj2mn6k
@user-zh5oj2mn6k 4 месяца назад
Токо талантыныз ташкындап мындай уккулуктуу чыгармаларды жаза бериниз
@A.Oskonbekov
@A.Oskonbekov 6 месяцев назад
Сүйдүм мен сени кааладым, Сезимди ыйык бааладым. Сан сулуу кыздын ичинен, Сүйүүмдү сага арнадым. Суйкайган сулуу маралдай Сүйгөнүм сенсиң Саадатым. Ашыктык отун тутантып, Ансайын күндө күч алып. Ак куу бир болуп көлдөгү, Алдымдан өтсөң суналып. Армансыз өтөөр бул жашоо, Ак сүйүүм кетсе уланып. Ааламдан издеп таба албас, Адамда сиздей жаралбас. Ашыгың сыздап үн созот, Антпесе сизге бара албас. Ак куу бир болдуң, Саадатым, Ак шумкар оңой ала албас. Дегдеттиң мынча дүйнөгө, Деги эле сен деп сүйлөбө. Ден дароо болдум сен үчүн, Демиме муздак үйлөбө. Добушуң чыкса сүйөм деп, Доом жок жарык дүйнөгө. Ат-Башымдын төрүндөй, Арпанын Чатыр-Көлүндөй. Арманда жүргөн Токоңду, Азаптуу ойдон бөлүнбөй. Аздектеп алчу өзүңсүң, Ак шумкар кылып өкүнбөй. Туурасын айтам сөзүмдүн, Тапканы сенсиң өзүмдүн. Турмушту бирге уласак, Таттуусу болор өмүрдүн. Теңирге айтам рахмат, Тазасы болчу көңүлдүн. Татынам Саадат, алтыным, Теңим сен жалгыз өзүмдүн. Ырларым чыгып сен менен, Ышкылуу жаштык дем менен. Ыйманың артык башкача, Ырыстуу затсың пендеден. Ышкыдар сендей сулууну, Ырдабай койчу мен белем? Мен үчүн бийик сен болдуң, Махабат дайра сел болдуң Муңканып канча күн өттү? Муңайтпас күлкү, бел болдуң. Миңи бар сулуу кыздардан, Мен үчүн жалгыз гүл болдуң. Миң сырдуу жалган дүйнөдө, Мен менен Саадат бир болгун. Миң сырдуу жалган дүйнөдө, Мен менен Саадат бир болгун.
@user-yw6no7in4m
@user-yw6no7in4m 7 месяцев назад
Кыргызстанда 1 бир голос Тунук үнүңүз өчпөсүн булбулдай үнүңүз кубулжуй берсин аке
@janylaikimsanova936
@janylaikimsanova936 7 месяцев назад
Уга эле бере турган ыр болуптур🎉🎉🎉🎉
@user-ue5ut5qu5b
@user-ue5ut5qu5b 4 месяца назад
Класс Алга байке
@user-fc5ld1yc6r
@user-fc5ld1yc6r 7 месяцев назад
Молодец иним,сонун ырдаптырсын,Ден соолукта бол.Унуно береке.
@user-ct5zd4ix2z
@user-ct5zd4ix2z 4 месяца назад
Ырдын мааниси сонун экен
@Myrza_.....
@Myrza_..... 7 месяцев назад
Эн сонун байке жеткизипсиз жетчу жерине кемчилиги жок ,Бали били
@user-ne4nm5ur8w
@user-ne4nm5ur8w 6 месяцев назад
Ырдын автору 🔥🔥🔥текст укмуш 🔥🔥🔥
@user-vj1ks4ts1w
@user-vj1ks4ts1w 6 месяцев назад
Керемет чыгарма. 21 кылымдын мыкты чыгармаларынын 1 экен
@user-gv6gk7qf2w
@user-gv6gk7qf2w 7 месяцев назад
Аябай соонун ырдаптыр биринчи жолу Уктум рахмат
@user-qe2pv9od8c
@user-qe2pv9od8c 6 месяцев назад
Үнүңүзгө береке бар болуңуз🎉🎉🎉
@user-sx5nt5oe3u
@user-sx5nt5oe3u 7 месяцев назад
Байке сиз кучтусуз .
@user-re2pe4ct3l
@user-re2pe4ct3l 7 месяцев назад
Какая песня, какие слова😍🔥 Творческого успеха вам Т. Асаналиев
@user-ct5zd4ix2z
@user-ct5zd4ix2z 3 месяца назад
Сонун ыр
@ademmiev6665
@ademmiev6665 7 месяцев назад
Байкем келтире ырдаптыр унунузго береке
@user-gx7qi3gi6p
@user-gx7qi3gi6p 7 месяцев назад
Молодец байке
@user-ke1us4lx3t
@user-ke1us4lx3t 7 месяцев назад
Токо байке азаматсыз тунук таза чыгыптыр унунуз
@user-nz1dc6sf9z
@user-nz1dc6sf9z 7 месяцев назад
Катагандын кыздарыбызго бар болунуздар
@ANARBAEV_OFFICCIAL
@ANARBAEV_OFFICCIAL 6 месяцев назад
🎉🎉🎉
@user-xr2tn7pt8d
@user-xr2tn7pt8d 7 месяцев назад
😍👍
@ArhagulBaivsowa-rt7jf
@ArhagulBaivsowa-rt7jf 7 месяцев назад
❤❤❤.
Далее
КУДА БОЛЬНЕЕ УПАСТЬ С ВЫСОТЫ?
25:11
Жанар Туратова - Ак куу (cover 2024)
3:48
Асылбек Өзүбеков "Көктөм ыры "
3:13
Бакас  "Карындаш"
3:57
Просмотров 1,5 млн
Jakone, Kiliana - Асфальт (Mood Video)
2:51
Просмотров 1,1 млн
Mirjalol Nematov - Barno (Videoklip)
3:30
Просмотров 992 тыс.
MASSA Feat. DITTO - Boss (Official Music Video)
3:23
Просмотров 619 тыс.