Эмне деген создун мааниси, эмне деген ун, эмне деген обон кайрык, просто просто супер тушунгон ар бир Кыргызга, Раймаалы атабыздын ар бир ыры, обону биз учун Маданий руханий байлык...
Омурзак ыраймаалынын обонун созуп казак кыздарынын,конулун озгочо бурдун балам.кадырынды Кадыр Эл баалап уй булолук тынчтык,бекем Ден соолук каалайм.обонун кулагыма дем куч берет.
Эмне деген ун,не деген аткаруу,журокту бир дурт эткиздин откон кунду эске салдын ээх! Арман бир кем дуйно.унун эч качан очпосун дайым жолун байсалдуу омурун дайрадай узун болсун
Кайыптан гана пайда болдунбу Карлыгач мучо чырагым Кадырлап учурашканга канагат кылып турамын Табына келген экенсин Талпынып учаар убагын Таасындап айткан кебине Таз эле канды кулагым Эсиме салдын эркетай Эзел го жаштык убагым Уккансып калдым унундон Карагым нарындын гана молтур булагын Жылаажын гана сындуу добушун Жылуулугун билгизген Жакшылап уккан алардын Жанына кубат киргизген Токтоп калган журокту токтоосуз кайра жургузгон Тоо гулундой ачылган Менин тото эле кушум сен кимсин😊
1:35 Кыдырып гана журуп оой коп коргом Сулуусун казак кыргыздын Шаанилуу тойго туш келген Шамалы белен нур кыздын Же болбосо айлыма Адашып тушкон асмандан а Карагым жарыгысынбы ээй жылдыздын? Кылымда кыздын аты улук Кыргызда кыздын чачы улук Кызыгын корбойт дуйнонун Кыз сыйлабас макулук Кыргыйек мучо сулуу кыз Биз сага кылалык урмат баш уруп Кызарып бышкан экенсин аа Кызгалдак гулдой ачылып Карыганча сапарым Сен каякта журдун жашынып? Божурай бербей агабыз Бошотсо деп сулууну Босогону жоолошуп Мында боз балдар турат ээй ашыгып Буралып басып жургонун ай Белестин кызыл гулундой Авазын сенин э сонун бураган Аргендин унундой Кай жерден онуп осконсун Карагым мурда билинбей Эми сен кимсин атын сурайын ата тегинден угайын? атагын ким? айылын ким? агалар айтчу дайынын ким? соок тамыр кайинин ким? уругун ким тенин ким? угайын айтчы жонун ким? таасында оой айтчы садагам Сени талпынткан эли жерин ким оой?
Ай баракелди Балбаным барганда жакшы кармагын Любойун жыгат фокусун Айрылбаса дамбалын дегендей......Абдан жакшы соз жоок Омурун узун болсун Талантына ТААЗИМ
Кайыптан пайда болдунбу Карлыгач мучо чырагым. Кадырлап учурашканга, Канагат кылып турамын. Табына келген экенсиӊ Талпынып учаар убагыӊ. Таасындап айткан кебиӊе, Таза эле канды кулагым. Эсиме салдыӊэркетай, Эзелки жаштык убагым. Уккансып калдым үнүӊдөн, Карагым казактын мөлтүр булагын. Жылаажын сындуу добушуӊ, Жылуулугун билгизген. Жакшылап уккан адамдын, Жанына кубат киргизген. Токтоп калган жүрөктү, Токтоосуз кайра жүргүзгөн. Тоо гүлүндөй ачылгын, Тоту эле кушум сен кимсиӊ. Кыдырып жүрүп көп көргөм, Сулуусун казак-кыргыздын. Шаанилүү тойго туш келген, Шамалы белеӊ нургыздын. Же болбосо айылыма адашып түшкө асмандан, Карагым жаргысыӊбы жылдыздын. Кылымда кыздын аты улук, Кыргызда кыздын чачы улук, Кызыгын көрбөс дүйнөнүн, Кыз сыйлабас макулук. Кыргыйек сулуу мүчө кыз, Биз сага кылалы урмат баш уруп. Кызарып бышкан экенсиӊ оо, Кызгадак гүлдөй ачылып. Карыганча сапарым сен, Кайжакта жүрдүӊ жашынып. Божурай бербей агабыз бошотсо деп сулууну, Босогону жөөлөнүп мында, Боз балдар турат ашыгып. Буралып басып жүргөнүӊ, Белестин кызыл гүлүндөй. Абазыӊ сенин нее сонун, Бураган арган үнүӊдөй. Кай жерде өнүп өскөнсүӊ, Карагым мурда билинбей. Эми сен кимсиӊ атыӊ сурайын, Ата-тегиӊден угайын, Атагыӊ ким айлыӊ ким, Агалар айтчу дайныӊ ким, Соөдөнүӊ уланткан, Сөөк тамыр кайныӊ ким. Уругуӊ ким теӊиӊ ким, Угайын айтчы жөнүӊ ким. Таасындап айтчы садага сени, Талпынткан эли жериӊ ким.