Эн сонун залкардын окуучусуна соз жок,азаматсын чыгармачылык ийгиликтерди каалайм,ар дайым аткарган чыгармаларын конул коюу мн угам Туркиядан мигрант 🙋♀️🇹🇷
Омурзак кайыпов комузчу жигитибиз дана кыз деген ырын сонун аткарыптыр ундорун дагы ачык айкын жакшы аткардын бар бол алтын балам Аман эсен бол ушундай жакшына ундорун эчкачан жоголбосун ырдап чоордоп журобергин ишине ийгилик ден соолук берсин угун жаныра берсин Жанында Токтобек балам отуруптур ал жигитти дагы сыйлайбыз ундору жакшы Аман болгула элдин сулуу жигиттери
Дана кызды даана даназалаган эки агабызга таазим!!! Жолболду ага бул ырды Омурзак байкеге ылайык чыгарып бериптир.Омурзак даана талант,Сыйлайм,кунуго угам
Ойдо жоктон жолугуп, оору кылдың Дана кыз, Оорунун да онтотпос зору кылдың Дана кыз. Көздөрүңдүн учкунун жылт эттирдиң Дана кыз, Көөдөндөгү жүрөктү зырп эттирдиң Дана кыз. Бир көргөндө өзүңдү сүйдүрдүң го Дана кыз, Билиги жок, майы жок күйгүздүң го Дана кыз. Чогуу жүргөн кыздардан бөлүндүң го Дана кыз, Чолпон болуп көзүмө көрүндүң го Дана кыз Ой Дана кыз, Дана кыз, Эй Дана кыз, Дана кыз. Алаксытып оюмду арбадың го Дана кыз, Алыстатып боюңду кармадың го Дана кыз. Ичим жанып турганын сезбедиң го Дана кыз, Имерилип жаныма келбедиң го Дана кыз. Алоолонтуп жанымды ойнодуң го Дана кыз, Ак жүзүңдөн сүйгүзүп койбодуң го Дана кыз Сага жакын бара албай ыза болдум Дана кыз, Сагынычым таралбай куса болдум Дана кыз. Ой Дана кыз, Дана кыз Эй Дана кыз, Дана кыз. Улуу тоодо таңшыган улар болдуң Дана кыз, Угуп үнүң жете албай кумар болдум Дана кыз. Кол жетпеген мен үчүн дабаң болдуң Дана кыз, Козгоп жүрөк сырларын аваң болдуң Дана кыз. Асман тиреп шаңкайган бийик болдуң Дана кыз, Ага жетпей аңкайган кийик болдум Дана кыз. Түйүп ичке сырыңды чечпей койдуң Дана кыз, Түнү-күнү эсимден кетпей койдуң Дана кыз. Ой Дана кыз, Дана кыз.