Салам, достор! Сиздерди бүгүнкү Курман айт майрамы менен куттуктайбыз, үй - бүлөңүздөргө тынчтык жана молчулук тилейбиз✨️
OYDOнун бүгүнкү коноктору жөнөкөй адамдар эмес, ар бири өз - өзүнчө кыргыз элинин дени сак жашоосу үчүн күрөшүп келе жаткан адамдар🔥
"Не сахар" долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов. Ал эми экинчи коногубуз фуд булогер жана ресторатор Сунуш Кекеев.
Бүгүнкү чыгарылышта Умар Даданов ким жана анын кызмат жолу кандайча башталды, өмүрүнө коркунуч алып келген учурлар жана жеке жашоосу боюнча эч кимге айтпаган сырлары боюнча бөлүшөт. Баса сиз Умар Дадановдун аркасында ким турарын билет белеңиз? Эгер кызыктуу болсо эфир учурунда айтып беребиз😉
Учурдан пайдаланып Сунуш Кекеевди кырк жылкылуу болушу менен куттуктайбыз.
Бүгүн бизге Сыныш Кекеевдин балалык чагынан тартып, азыркы учурдагы жетишкендиктери боюнча кеңири сөз кылабыз. Андан сырткары үйлөнүү тоюндагы артыкчылыктары, капачылыктары, жашоодо кумир тутканы жана ушул даражага кантип жеткени туурасында сиздер менен бөлүшөт🔥
Андыктан экранга жакын отуруңуз, сизге жагымдуу жана пайдалуу болоруна ишенебиз! Бул подкастты башкалар менен бөлүшүп, пикир калтырып өтүңүз.
Сиздерди терең урматтоо менен OYDO подкасттынын алып баруучулары Айзада Жамгырчиева жана Урмат Борченов болду. Амандыкта жүздөшөлү:)
15 июн 2024