Чырыш самсы кантип жасалат?
1.Чырыш терип, тазалап, муздак сууга 3-4 жолу чайкап алабыз. Чырышты кайнак сууга 1 мүнөттөй салып алуу шарт.
2. Андан соң суусун сарыктырып, майда туурап, казанга салып жай отто 5-6 мүнөткө демдейбиз. Чөптөрдүн өзүнөн шире бөлүнүп чыгат, андыктан, май, суу кошпой эле койгон туура.
3. Муздагандан кийин сыгып алып, куурулган пиязды жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырсак, туурамжыбыз даяр болот.
Камыры кадимки мантыга жууругандай жуурулат.
28 мар 2022