Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба, Мени күтпө, мени эстеп, сагынба. Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында. Сен бир бакча мөмөлөрү келишкен, Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен. Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден. Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба, Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда. Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен Отуз жаштын улам аркы жагында. Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн.
Бул жашоодо чыныгы суйуу бир эле жолу келет экен,бирок ошол суйуумо жетпедим,бир болбодук. Арман болуп калды. Дагы да ошону ойлоп,озумдун жашоомду курбай келем. Бул ырды укканда ыйлагым келет,ичимдеги сезимдерди козгойт.
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба, Мени күтпө, мени эстебе, сагынба, Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында. Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба, Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда, Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен, Огуз жаштын улам аркы жагында. Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн, Унутулган учар замат түнөктөн. Сүйүү деген-сүйүү эмес эринден, Сүйүү деген-от чачышуу жүрөктөн. Сен бир бакча миваларың келишкен, Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен, Сүйүү деген-сүйүү эмес бетиңден, Сүйүү деген-сүзүп өтүү деңизден. Сен бир жүзүм бышып турган мына бу; Арманда эмес, бирок сенден кур калуу; Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап, Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу. Таттуусуңар, ачуусүңар сулуулар, Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар, Канча болсо сенин жибек көйнөгүң Дал ошончо жүрөгүндө сүйүү бар. Бирок менин махаббатым бир гана, Бирок ал жок, эгер болсо ал гана? Мага ишенбе, элес кылып бардыгын, Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.
красивая песня. Спасибо. а вы случайно не знаете про ретро группу Кербен ? они слышал в Бишкеке живут. вроде брат и две сестры были. их в 90 гг по телевизору еще крутили. я их имен даже к сожалению не знаю. помогите с их поиском пожалуйста Ырыскелди. заранее благодарен. с уважением из Берна. Алекс