Элдик ыр
Агын суу турса чалчыкта,
Ак шумкар келип кончу эмес.
Азабын тартып мен жүрөм,
Анчалык катуу болчу эмес.
Көзүң бир бышкан алчадай,
Көргөндө жүрөк чарчабай.
Көңүлүң болсо, айтсаңчы,
Өйдө-төмөн калчабай.
Түн ичинде уйкум жок,
Күндүз бир тынчым жок.
Карымын дейсиң, жаш туруп,
Кандай жансың тынчың жок?
Карымын дейсиң, жаш туруп,
Кандай жансың тынчың жок?
12 сен 2024