Өкүттүү кусалуу жарааттуу Өзгөчө армандуу азаптуу Өзөктү тытмалап да бир түн Өзүңсүз дагы бир таң атты Кайырма: Мелжиген дүйнөгө батпай чын Мен келем сен эшик ачпайсың Мен жетчү бактыны ыйлатып Мен кетчү жолума таштайсың Сенсиз мен адашкан жөжөдөй Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй Серпилсем бир сенсиң билмексен Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй Кайырма: Сүнгүп мен чыга албас санааны айт Сүрүнгөн сүрүлгөн жарааны айт Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы Сүйдүргөн сүйгөндү айабайт
Бул Элмирбектин элине калтырган чон насааты. Анча мынча ачууга алдырып уй булоо. Бузулуп жатпайбы.Ошондон кийинки ошол ажырашкан адамдардын жан дуйносу суроттолгон ыр деп тушунгуло.
Аккыз унуно береке, талантына таазим. Сонун ырдадын. Бир гана сураныч козунду сузбой ырдап журчу жарашпай калат экен. Эжендин кенеши катары кабыл ал алтын кыз.😊
Элмирбек кыска омурундо мазмундуу жашап тарыхта калып кыргыз элинин туногунон орун алып кетти Бейишинди берсин Кыргыз элин унутпай ырларын менен жашайт